Баткенде 85 жаштагы кемпир дайынсыз жоголду

Жазылуу
Кары адам пенсиясын алуу үчүн үйүнөн 10-ноябрда чыгып кеткен.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баткенде 85 жаштагы кемпир төрт күн мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткенде дайынсыз жоголгон 85 жаштагы кемпир
Пропавшая в Баткене 84-летняя женщина - Sputnik Кыргызстан
Баткенде дайынсыз жоголгон 85 жаштагы кемпир

Маалыматка караганда, кемпир пенсиясын алуу үчүн үйүнөн 10-ноябрда чыгып кеткен. 

"Жарандын тууган-туушкандары эки күн издеп таба албай койгондуктан ӨКМге кайрылышкан. 12-ноябрдан тарта куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, азырынча натыйжа чыга элек", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда издөө иштери улантылып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0