Муфтий Токтомушев Минскиде аалымдар менен дин уюмдарынын ордун талкуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековОколо сотни тысяч верующих пришли праздничный "Айт Намаз" в центре Бишкека
Около сотни тысяч верующих пришли праздничный Айт Намаз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минск шаарында өткөрүлгөн тегерек столго белгилүү окумуштуулар, коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Белоруссиянын Минск шаарында дин аалымдарынын катышуусунда өткөн тегерек столго катышканын муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада тынчтыкты сактоодо диний уюмдардын ролу, эл арасында диндер аралык ынтымакты жана достукту бекемдөө, заманбап шарттарда конфессиялар аралык тенденцияны чыңдоо жана конфессиялар аралык теңдиктүү түзүү сыяктуу бир топ темалар талкууланды. 

"Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи ислам түшүнүгүн өнүктүрүү, диний уюмдар жана өкмөттүн ортосунда тыгыз өз ара мамилени бекемдөө жаатындагы доклад окуп, экстремизмдин алдын алууда биргеликте иш алып баруу зарылдыгы бар экендигин баса белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө. 

Минск шаарында өткөрүлгөн тегерек столго белгилүү окумуштуулар, коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0