Билим берүү министрлиги менен мэрия №61 мектептеги окуя боюнча комиссия түздү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЕГЭ по русскому языку
ЕГЭ по русскому языку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн сырткары акыйкатчынын орун басары менен балдардын укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги менен Бишкек мэриясы №61 мектептеги чуулгандуу окуя боюнча комиссия түзүлгөндүгү тууралуу министрликтен кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутат Тазабек Икрамов №61 мектептин мугалими кир жуугуч машина алып бербей койгон ата-энелердин балдарын сабагандыгын айтып чыккан.

Ал эми акыйкатчы Кубат Оторбаев окуяны өз көзөмөлүнө алгандыгын айткан эле.

"Түзүлгөн комиссияга 20-ноябрга чейин көрсөтүлгөн фактыларды текшерип чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле кыска мөөнөттүн ичинде баланын окуусун улантууга шарт түзүп, конфликттик окуяга жол берген жооптуу тараптардын жоопкерчилигин кароо талабы коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын курамына мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн сырткары акыйкатчынын орун басары менен балдардын укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0