Милиция качып кеткен айыпталуучунун сырткы келбетин сүрөттөп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция проверяет все машины в районе рынка "Дордой"
Милиция проверяет все машины в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскер кетсек тергөө изоляторунан алынып келген айыпталуучу качып кеткен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы качып кеткен айыпталуучунун сырткы келбети кандай экени, ал эмне кийип жүргөнү тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда кечки саат 17.00дөр чамасында айыпталып жаткан 21 жаштагы Р.Л. аттуу жаран тергөө экспериментине алынып келген учурда качып кеткен

© Фото / пресс-служба УВД БишкекаПодследственный Ляхунов Рамазан, совершивший побег
Подследственный Ляхунов Рамазан, совершивший побег - Sputnik Кыргызстан
Подследственный Ляхунов Рамазан, совершивший побег

Бишкек милициясынын маалыматы боюнча качып кеткен жаран Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну болгон.

Саунада чогуу эс алып күзөтчүлөрдөн качып кеткен Азатбек Алымкулов кармалды
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, чачы кара, анча узун эмес, кой көз. Кара түстөгү шым, капюшону бар жашыл түстөгү кофта кийип жүргөн.

Бишкек шаардык Свердлов РИИБи изделип жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 0312 43 32 75 телефону же 102 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат. Купуялуулукка кепилдик берилет жана сүйүнчүсү болот.

Айыпталган адам качып кеткен бул алгачкы учур эмес. 27-февралда 27 жаштагы Азатбек Алымкулов аны коштоп жүргөн эки кишиге карабай из суутуп кеткен. Аны Аламүдүн сотундагы сот процессине алып келишкен болчу. Ал жакта кишиге кол салуу боюнча иш каралып жаткан. Башкы прокуратура Алымкуловду кайтарган күзөтчүлөр аны менен чогуу ичимдик ичип, кыздар менен саунада эс алышканын маалымдаган. Кылмышкер менен чогуу эс алган кызматкерлер камакка алынып, 600 миң сом айыпка жыгылган.

Чүй ИИББдин маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Азатбек Алымкулов Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эки апта кош бойлуу аялча кийинип, жашынып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0