Бишкектин бир катар бөлүгүндө 5 күнгө газ өчөт

© AFP / BARBARA SAX Отключения газа в Берлине
Отключения газа в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, газ берүү оңдоо иштеринен улам убактылуу токтотулат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүктөрүнө беш күнгө чейин газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, газ берүү 14-18-ноябрь аралыгында токтотулат. 

"Горький, Байтик баатыр көчөлөрү менен Чоң Чүй каналы менен Аламүдүн дарыясынын аймагында газ берүү убактылуу токтотулат", — деп айтылат маалыматта. 

Ишкана газ берүү оңдоо иштеринен улам убактылуу токтотуларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0