Илимпоздор: газдалган суусундукту көп ичүү уйкусуздукка алып келет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРабота завода Coca-Cola в Москве
Работа завода Coca-Cola в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байкоодон өтүп жаткан адамдар тез-тезден анализ тапшырып, ден-соолуктарын текшертип, жыйынтыгында жакшы уктап жатканын белгилешкен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Газ жана таттуу суусундуктарды көп колдонуу уйкусуздукка алып келет. Бул тууралуу РИА Новости Sleep Health журналына таянуу менен жазып чыкты.

"Биздин тажрыйбабызда таттуу жана газдалган суусундуктарды ичкен адамдар аз уктоону адат кылып алганын байкадык. Эгер мындай суусундуктарды аз ичсе уйкусу канып, көбүрөөк укташат", — деди АКШнын Калифорния университетинен Арик Пратер.

Жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор: күнүнө бирден жумуртка жеп туруу ден соолукка пайдалуу
Илимпоздор 19 миң адамга байкоо жүргүзүп, аларга газ жана таттуу суусундуктарды ичпөөсүн сунуштап тажрыйба жүргүзүп көрүшкөн. Байкоодон өтүп жаткан адамдар тез-тезден анализ тапшырып, ден-соолуктарын текшертип, жыйынтыгында жакшы уктап жатканын айтышкан.

Жүргүзүлгөн тажрыйбадан улам дарыгерлер кофе, ар түрдүү таттуу жана газ суусундуктарды ичкен адамдар орто эсеп менен суткасына беш саат, андан да аз уктарын далилдешкен.

Илимпоздор мындай тажрыйбаны карапайым да, байгер да адамдарга жасап көргөн. Бирок чай, сок жана диеталык суусундуктар мындай жагымсыз таасир берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0