Муфтий Токтомушев Минскидеги мечиттин ачылышына катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулушу 10 жыл мурун башталган мечит 1,5 миң кишиге ылайыкташып, анда бардык шарттар каралган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш салтанатына катышат. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара 11-ноябрга белгиленген. Ага дүйнөлүк белгилүү дин аалымдарынын келиши күтүлүүдө. 

"Минскидеги борбордук мечитинин курулушуна 10 жылдан ашуун убакыт сарпталган. Ошондой эле мечитте китепкана, жолугушуу залдары жана сабак өтүүчү класстар, коноктор үчүн мейманканалар каралган", — деп айтылат билдирүүдө. 

1,5 миң кишиге ылайыкташкан мечитте күнү-түнү эки имам кезектешип иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0