21:16 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Таштанды. Архив

Депутат машинадан таштанды ыргыткандарга айып пулду күчөтүүнү демилгеледи

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
6210

Эл өкүлү Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине, КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга алып чыкты.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова машинадан таштанды ыргыткандарга, ой келди өндүрүш калдыктарын өрттөгөндөргө карата айып пулду көтөрүүнү сунуштап жатат.

Депутат ЖК 6 созыва Махабат Мавлянова от партии Республика – Ата-Журт. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине, КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга алып чыкты.

Ага ылайык, машинадан таштанды ыргыткандар үчүн каралчу айып пулду 100 эсеп көрсөткүчкө (10 миң сомго) көтөрүү каралган. 

"Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорундагы нормаларды ишке ашыруу натыйжалуу болушу үчүн мыйзам бузууларды аныктап, протокол түзгөн ички иштер органдарынын өкүлдөрүнө административдик айыптан түшкөн каражаттын 20 пайызын берүү каралган", — деди Мавлянова.

Депутат бул милиция кызматкерлиринин ишти так аткарышына жардам берерин кошумчалады.

Ошондой эле демилгеленген мыйзам долбоорунда таштандыларды атайын белгиленген жерге эмес, ой келди таштап аларды өрттөгөндөргө карата да айып пулду 10 миң сомго чейин көтөрүү каралган. Кайталап жасалган ошол эле аракеттер үчүн 30 миң сомго чейин айып салуу зарылдыгы белгиленген. 

Азыр колдонулуп жаткан Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте мындай мыйзам бузгандарга 2 миң сом айып салынат.

Тема боюнча

Жамалдинов: айрым депутаттардын кабинетинде душ бар, кээси кабылдамага жетпей отурат
Белгилер:
мыйзам долбоору, депутат, Махабат Мавлянова

ЭҢ МААНИЛҮҮ