Эрлан Абдылдаев: Порошенкого Кыргызстандын номеринен телефон чалынган

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Совета министров иностранных дел СНГ в узком составе
Заседание Совета министров иностранных дел СНГ в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Украина президенти Атамбаевдин телефонун КРдин Украинадагы элчилигинен алгандыгын билдирди.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Украина президенти Петр Порошенкого Кыргызстандын номеринен чалуу болгон. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

Украина президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Порошенко менен Атамбаевдин атынан деги ким сүйлөштү?
Белгилей кетсек, ушул тапта парламентте өкмөттүн жаңы курамы жана программасы каралууда. Талкуу учурунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Украина президенти Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" тууралуу окуяны козгоду.

2-ноябрь күнү кечинде Украина президентинин расмий сайты делген порталдан өлкө башчы Порошенконун КР президенти Атамбаев менен телефондон байланышып, эки тарап кыргыз-украин мамилелерин өнүктүрүү тууралуу сүйлөшкөнү жарыяланган

"Порошенконун аппараты КРдин Украинадагы элчилигинен Атамбаевдин телефонун алып, КРдин ТИМи менен макулдашкан соң Порошенко биздин президент менен сүйлөшүптүр. Силер Порошенко пранкер (телефон аркылуу тамашага салган адам) менен сүйлөштү деп жатасыңар. Кандай эреже менен Порошенко бизге чыкты, ошону түшүндүрүп бериңиз", — деди Текебаев.

Депутаттын суроосуна ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев КРдин президенти Порошенко менен сүйлөшпөгөндүгүн билдирди. 

"Атамбаев менен Порошенконун ортосунда сүйлөшүү болгон жок. Аны пранкерлер жасаган. Окуя боюнча эки тараптуу иликтөөлөр болуп жатат. Порошенкого Кыргызстандын номеринен чалынган. Украина президентинин аппараты бул жактын номерин билген үчүн телефонду алган", — деди Абдылдаев. 

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ТИМ башчылары сүйлөшүп, маселени иликтемей болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0