Жалал-Абадда терроризм менен экстремизмдин алдын алуу талкууланды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСитуация в Ливии
Ситуация в Ливии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага шаардын вице-мэри, облустук ИИББдин 10-бөлүмүнүн жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, шаардын имам хатиби жана мекеме уюмдардын жетекчилери катышкан.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык мэриясында "Элдин биримдиги жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу" аттуу семинар өткөнүн муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чарага шаардын вице-мэри, облустук ИИББдин 10-бөлүмүнүн жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, шаардын имам хатиби жана мекеме уюмдардын жетекчилери катышкан.

"Катышуучулар терс диний агымдар, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жаатында өз ойлорун айтып, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө үчүн түшүндүрүү иштерин улантууну белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Муфтияттын маалыматына ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Сейдукум айыл округунда эки эски мечиттин ордуна жаңы мечит курулуп ишке бирилди. Мечиттер демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

Эки мечит тең толугу менен мамлекеттик каттоодон өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0