Өзгөн: эки баласы майып үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду там салып берди

© Фото / Зульфия ТургуноваПомощь семье Гульмире Жакыповой у которой шестеро детей
Помощь семье Гульмире Жакыповой у которой шестеро детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки баласынын баспай калышы ата-эненин жылдызын түшүрсө, төрт жаштагы Жанаргүлдүн айткандары тоодой кайрат берет.

Ош, 8-ноя. — Sputnik. 20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу "Максат" кайрымдуулук фонду эки бөлмөлүү там салып берди. 

"Турмушума зээним кейип, эзилсем да жашоодо жакшы адамдар бар экенин угуп, жүрөгүм жылыйт. Турмушубуздун оор экенин уккан Оштогу "Максат" кайрымдуулук фонду жакында биз менен байланышып, Куршаб айылына эки бөлмөлүү там салып берди", — деди биз менен сүйлөшүп жатып ыраазы болгон балдардын энеси Гүлмира Жакыпова.

Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 37 жаштагы Гүлмира Жакыпова үч уул менен үч кыздын энеси. Анын эки уулу шал илдетине чалдыккандыктан баса албай төшөктө жатат. 

Буга чейин үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү баш калкалар үйү жок болгондуктан 20 жылдан бери көчүп-конуп, ар кайсы аймактарда ижарага батир алып же тууган-тааныштардын үйлөрүндө жашап келген.

Көздөн чачыраган кубанычтын учкундары

"Учурда толугу менен бүтпөсө да кар жаап күн суук болуп кеткендиктен үйгө кирүүгө мажбур болдук. Кыйын күндө жардам колун сунган боорукер адамдарга чексиз ыраазымын", — деди ал.

Биздин маектеш балдарынын кантип майып болуп калганын башынан баштап айтып отурду.

Жакыпова үчүнчү перзенти Илгиз төрөлгөндөн 40 күндөн кийин тили артка кетип, көгөрүп, талмасы кармап калганын эстеп отурду. Дарыгерлер "итий" деген диагноз коюшкан экен. Аны "кыргызчылык" жол менен дарылайлы деп молдо-табыпка алып барып окутуп да көрүшүптүр. 

"Илгиз боюмда алты айлык кезинде сасык тумоого чалдыгып ооруп калдым, андан сырткары эмнегедир алма жеп ууланып катуу жыгылдым. Кыштын күнү анарга өтө катуу талгак болгом. Бирок сатып алганга тыйыныбыз жок, көр турмуштун айынан анар жегим келип ушунчалык жүрөгүм эзилип ыйлачу элем. Каным да аз болгондуктан менин да организмим, уулум да анарды каалаган тура. Ошондо талгагымды кандырсам, уулум майып болбойт беле деп арман кылам", — деди Жакыпова.

© Фото / Зульфия Тургунова20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу "Максат" кайрымдуулук фонду эки бөлмөлүү там салып берди.
20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу Максат кайрымдуулук фонду эки бөлмөлүү там салып берди. - Sputnik Кыргызстан
1/5
20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу "Максат" кайрымдуулук фонду эки бөлмөлүү там салып берди.
© Фото / Зульфия Тургунова"Максат" кайрымдуулук фонду тарабынан салынып берилген эки бөлмөлүү там
Максат кайрымдуулук фонду тарабынан салынып берилген эки бөлмөлүү там - Sputnik Кыргызстан
2/5
"Максат" кайрымдуулук фонду тарабынан салынып берилген эки бөлмөлүү там
© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 37 жаштагы Гүлмира Жакыпова үч уул менен үч кыздын энеси.
Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 37 жаштагы Гүлмира Жакыпова үч уул менен үч кыздын энеси. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 37 жаштагы Гүлмира Жакыпова үч уул менен үч кыздын энеси.
© Фото / Зульфия ТургуноваАнын эки уулу шал илдетине чалдыккандыктан баса албай төшөктө жатат.
Анын эки уулу шал илдетине чалдыккандыктан баса албай төшөктө жатат. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Анын эки уулу шал илдетине чалдыккандыктан баса албай төшөктө жатат.
© Фото / Зульфия ТургуноваБуга чейин үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү баш калкалар үйү жок болгондуктан 20 жылдан бери көчүп-конуп, ар кайсы аймактарда ижарага батир алып же тууган-тааныштардын үйлөрүндө жашап келген.
Буга чейин үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү баш калкалар үйү жок болгондуктан 20 жылдан бери көчүп-конуп, ар кайсы аймактарда ижарага батир алып же тууган-тааныштардын үйлөрүндө жашап келген. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Буга чейин үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү баш калкалар үйү жок болгондуктан 20 жылдан бери көчүп-конуп, ар кайсы аймактарда ижарага батир алып же тууган-тааныштардын үйлөрүндө жашап келген.
1/5
20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу "Максат" кайрымдуулук фонду эки бөлмөлүү там салып берди.
2/5
"Максат" кайрымдуулук фонду тарабынан салынып берилген эки бөлмөлүү там
3/5
Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 37 жаштагы Гүлмира Жакыпова үч уул менен үч кыздын энеси.
4/5
Анын эки уулу шал илдетине чалдыккандыктан баса албай төшөктө жатат.
5/5
Буга чейин үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү баш калкалар үйү жок болгондуктан 20 жылдан бери көчүп-конуп, ар кайсы аймактарда ижарага батир алып же тууган-тааныштардын үйлөрүндө жашап келген.

Учурда Илгиз 14 жашта, 9 жылдан бери төшөктө жатат.

Жизнь и быт семьи Калыковых в селе Колдук - Sputnik Кыргызстан
Азаптуу карыя: акыркы демиме чейин майып балдарымды таштабайм
"Илгиз араң басты. Кубаты жок болгондуктан дубалдарга сүйөнүп жай басчу, анан жайлап отуруп, беш жаштан өткөндө такыр баспай калды. Оштогу ооруканаларга кайрылсак, мен өзүм аз кандуулук менен жабыркагандыктан дарыгерлер "бул илдет түйүлдүккө таасир этип, шал илдетине чалдыккан" деген диагноз коюп беришти. Ал гана эмес, оор турмуштун айынан көп сыгылып, көп жолу стресске кабылгандыгым да түйүлдүккө зыян тийгизиптир. Отура да албайт. Жаш бала сыяктуу тосуп, тамактандырам. Өзү теңдүүлөр менен катар ойноп-күлмөк турсун, орто мектептин босогосун да аттаган жок. Дарыгерлер "эми ар кандай дары-дармек берүүнү токтоткула" деп, азыр уулумдун басып кетүүсүн бир гана жараткандан тилеп отуруп калдык", — дейт кейиген эне.

Ал үй-бүлөнүн кожоюну жогорку билимдүү болбогондуктан убактылуу жумуштарда жалданып иштеп, жан бакканга тыйын тапкандыгын айтты. 

"Кайнатам 35 жашында каза болуп калып, тогуз бир туугандын түйшүгү да жолдошумдун мойнунда болчу. Анын үстүнө жокчулук, жетишпеген турмуш да бизди ушул оор жагдайга түрттү", — деди Жакыпова.

Бул үй-бүлөнүн дагы бир 12 жаштагы уулу баспай, майыптар арабасында күн кечирүүдө. 

Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
"Курманбек уулум эки жаштан өткөндө араң аяк шилтеген. 2-класста окуп жүргөндө тепкичтен кулап кетип, ошол бойдон баса албай калды. Эки жылдан бери майыптар үчүн отургучта отурат. Дарыгерлер Курманбек уулума да Илгизге койгон диагнозду коюшту. Бир уулумдун азабына каңырыгым түтөп отурган кезде тагдыр мага дагы бир оор сыноо тартуулады" — деди кейиген эне.

Ал жолдошунун күнүмдүк тапкан 200-300 cому балдарынын такма жалаягына да жетпей жатканын айта кетти.

Жанар тоодой кайрат берген төрт жаштагы Жанаргүл

Үй-бүлөнүн бешинчи баласы — төрт жаштагы Жанаргүл жана эң кенжеси Бегимай эки жашта.

Апасы төрт жашар кыздын чоңдордун ичин жылыта турган сөздөрүн айтып берди.

"Ошол төрт жаштагы чүрпөм мага кадимкидей кайрат берет. Майып агаларын көрүп өзүнчө ой жоруйт окшойт. Чоңойсо дарыгер болуп, адам баласын эле эмес, аксап калган тоокторду, койлорду кадимкидей бастырууну тилек кылып жүрөт", — деди жылмайып балдардын энеси.

Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган майып кыз кантип акча таба баштады - Sputnik Кыргызстан
Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган кыз кантип акча таба баштады
Анын көңүлүн алагды кылган 10-класстагы кызынын келечеги экен. Кызынын англис тилине болгон жөндөмү күчтүү экенин байкаган эне учурда аны кантип чет тил курсуна жаздырып, кыялданган котормочулук кесибине өбөлгө түзүп берсем деген түпөйүл ой менен жүрөт.

Гүлмира айым 19 жаштагы уулу Чыңгыз Оштогу окуу жайлардын биринин 2-курсунун студенти экендигин, уулунун жогорку билим алып жаткандыгына каниет кыларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0