Фармацевттер: Кыргызстанда каза болгон байтаптар биз жасаган дарыдан өлгөн эмес

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОткрытие лабораторно-промышленного комплекса в Казани
Открытие лабораторно-промышленного комплекса в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулманов аталган дары эки жолку клиникалык текшерүүдөн өткөрүлгөнүн белгилеп өттү.

БИШКЕК, 8-ноя.— Sputnik. Казакстандын "Кургак учукка каршы дарылар илимий борбору" ачык акционердик коомунун жетекчилиги алар жасаган ФС-1 дарысынан эч ким каза болбогунун билдирди деп жазат РИА Новости.

Мурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы медициналык жабдыктар жана дарылар менен камсыз кылган Улуттук фтизиатрия департаменттинин башчыларына ФС-1 дарысын туура эмес колдонгону үчүн кылмыш ишин козгогон. Буга чейин көзөмөлдөө органы мыйзамсыз сыналган ФС-1 дары-дармегинен эки бейтап каза болгонун жарыялаган.

"Биз бул көрүнүшкө көз жумуп кое алган жокпуз. Каза болгон адамдар бизден чыккан ФС-1 дарысын ичкен эмес", — деди илимий борбордун жетекчиси Марат Кулманов Алматыда өткөргөн маалымат жыйында.

Кулманов ошондой эле аталган дары эки жолку клиникалык текшерүүдөн өткөрүлгөнүн белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0