06:59 23 Бугу 2017
Түз эфир
Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков

Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат

© Фото / Нурсултан Жумабеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
404861

Адамдын жаны кай жерде десе, кайсы жери ооруса ошол жеринде деген сөз бар эмеспи. Бүгүн журналист Гүлдана Талантбекова Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков менен биргеликте тамак, кулак, мурун оорулары тууралуу кеп кылат.

— Агай, мен негизи наушникти көп колдоном. Аны пайдалануу зыян деген кептерди угуп калам.

— Ар бир нерсенин чеги болот. Албетте, тынымсыз эле даңкылдатып музыканы уга берсе нервге доо кетип, сезгенүүгө алып келет. Негизи жабыркаган нерв кайра калыбына келбейт деп айтылат. Музыканы таптакыр укпаш керек дебейм. Күнүнө жарым сааттан ашыгыраак пайдалануу жетиштүү. 

— Айрым учурда кулак тунуп, чыбырчыктаган үндөр угулуп кеткен учурлар болот. Ал эмнеден улам келип чыгат?

— Муну "шум" деп коет. Ал кан басымдын кесепетинен, кулактын сезгенүүсүнөн, бийиктикке көтөрүлгөндө, гемоглобин түшүп кеткенде пайда болуучу оорунун белгилери. Эгерде ортоңку кулактын сезгенүүсү болсо лор дарылайт. Ал эми гемоглобин же кан басымга байланыштуу болсо невролог, кардиологдорго кайрылуу керек.

— Наушник кулкунун көп чыгуусун шартташы мүмкүнбү?

— Кулку — организмди коргой турчу касиетке ээ. Кээ бирөөнүкү аз же көбүрөөк чыгат. Биз көбүнчө чайнаганда же тамак жегенде жаакка күч келип кулку сыртка чыгып турат. Аны үй шартында перекись же башка заттар менен таптакыр жок кылам деген туура эмес.

— Кулак ооруларынын түрлөрүн жана кесепеттерин айта кетсеңиз?

— Кулак оорусу курч жана өнөкөт болуп эки түргө бөлүнөт. Кулак ооруларынын көпчүлүгү тышкы жана ортоңку кулактын жугуштуу ооруларынан келип чыгат. Ортоңку кулакка кирген инфекция катуу ооруну, чыбырчык үндөрдү пайда кылат. Тышкы кулактын инфекциясы — бул кулак түтүкчөлөрүнүн сезгениши. Белгилери катары тышкы кулак катуу ооруйт, угуу начарлайт, суюктуктун чыгышы, кулактын шишип же кызарып кетиши, дене табынын кескин жогорулашы саналат. Эгерде оору өтүшүп кетсе кулактын укпай калышына, баш сөөктүн сезгенишине алып келет. Албетте, бейтап өз убагында кайрылса, айыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрү жогору.

— Алгач эле тамак ооруларынын актуалдуусу ангина тууралуу сүйлөшсөк. Анын келип чыгуу себептери менен дарылоо жолдорун айта кетсеңиз?

— Ангина — бул таңдай сезгенгенде пайда болуучу инфекциялык оору. Ал муздак суу ичкенде, тердеп же ысыганда, суукка урунганда пайда болот. Ангинаны стафилококк, стрептококк жана пневмококк бактериялары козгойт. Ангинаны жалпак тил менен түшүндүргөндө "кысуу же муунтуу" дегенди түшүндүрөт. Оору жазында, күзүндө жана кышында күч алат. Ангинанын катаралдык түрүндө сезгенүүгө алкым бездеринин үстүңкү бөлүгү гана учурайт. Ал эми фолликулярдык ангинада сезгенүүгө алкым бездери бүтүн жабыр тартат.

Оорунун белгилери — тамактын сүйлөгөндө, жутканда ооруганы. Адамдын дене табы көтөрүлүп, чыйрыгып, шалдырай баштайт. Муундар ооруйт, жүрөк бат-баттан кагып, баш ооруйт. Фолликулярдык ангинада алкым бездеринде ириңдер байкалат. Моюн жана кулак артындагы лимфа бездер чоңоюп, кармаганда оорутат жана ооздон жаман жыт чыгат.

Диагноз үчүн оорулуунун алкым бездеринин үстүнөн акырындык менен кырынды алынып, текшерүүдөн өткөрүлөт. Анын жыйынтыгына карап дарылоо сунушталат. 

Врач, лор национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков
© Фото / Нурсултан Жумабеков
Жолчубек Жумабеков: Ангина тереңдеп кетсе жүрөктүн түздөн түз начар иштешине, муундардын оорусуна, бөйрөктүн пиелонефрит оорусуна, аллергиялык оорулардын курчуп кетишине, өпкөнүн сезгенүүсүнө жеткирет. Буга кошо кулак да сезгенип, угуу начарлайт

— Ангина тукум куучулук касиетке ээби? Аны болтурбай койсо болобу?

— Ооз көңдөйүндө алкым бездер жайгашкан. Ошолор ар кандай себептер менен козголгондо ангина пайда болот. Алар коргоочу кызматты аткарып, анатомиялык структурага ээ. Кабыл алган тамак-аш жана дем алган аба аркылуу организмге микробдордун кирип кетпөөсүн көзөмөлдөйт. Алкым бездери кан жана зат алмашуу процессине да катышат.Тукум кууйт же куубайт деп айтуу туура эмес. Болгону ангинаны козгой турчу бездер ар бир адамдын организминде сокур ичеги сыяктуу болот.

— Ангинаны дарылабаса кандай кесепетке алып келиши мүмкүн?

— Оору тереңдеп кетсе жүрөктүн түздөн түз начар иштешине, муундардын оорусуна, бөйрөктүн пиелонефрит оорусуна, аллергиялык оорулардын курчуп кетишине, өпкөнүн сезгенүүсүнө жеткирет. Буга кошо кулак да сезгенип, угуу начарлайт. Өтүшүп кеткен убагында бездерди операция менен алууга туура келет.

Алгач бейтаптын ангинага байланышкан башка оорусу барбы-жокпу, карап чыгыш керек. Мисалы жүрөктүн тушу ооруса жүрөк менен байланышы бар. Же болбосо муундар ооруса, ревматизм менен байланышта болот. Эгерде булар аныкталса, ангинаны алып салыш керек.

— Күнүмдүк жашоодо безди сода менен эзип жүрүшөт. Туура эмеспи?

— Эзбеш керек. Кандай гана ыкма болбосун дарыгердин көзөмөлү жана кеңеши керек. Ал без организмге керектүү орган.

— Эми мурун ооруларынан гайморит тууралуу кеп кылсак…

— Суук тийгенде мурундун ичине суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, анан ал ириңге айланат. Тешикчелер иштебей суу толгондо күчөп олтуруп, гайморитке жетет. Эгерде өтүшүп кетсе сезгенүү баш мээнин кабыктарына тарап, менингитти жаратат. Башкача айтканда, мээге чабат. Ал эми көңдөйлөрдөгү сезгенүү пневмониянын, өнөкөт бронхиттин, бронхиалдык астманын өрчүп кетишин шарттайт.

Гайморит башталганда мурун көңдөйлөрүн, маңдайды, кээде беттин жарымын камтыйт. Мурундан дем алуу кыйындайт, жыты жагымсыз суюктук бөлүнүп чыгат, көздөн жаш агат, жыт билүү төмөндөп, дене табы жогорулайт. Оорулууну дарылаш үчүн мурундун жанындагы көңдөйлөрдү рентгенге тарттырышат. Андан кийин гаймор көңдөйлөрү атайын ийне менен тешилип, сордурулуп алынган суюктук анализ үчүн текшерүүдөн өткөрүлөт.

— Айрым учурда кулак менен мурунга курт-кумурскалар кирип кетип кайрылгандар дагы болсо керек?

— Көбүнчө алар кулакка кирип кетет. Мурунга киргенде чүчкүрүп-бышкырып жатып ичиндегилер чыгып кетиши мүмкүн. Эгерде чымын кулакка кирип ишин жасап чыгып кетсе, чатак эле болот. Анан кыбыратып же өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам дегендер келгенде ичин тазалап, жууп, айыктырып берип жүрөбүз. Жаш балдар мурундарына бир нерселерди салып алган учурлар көп кездешет. Мында бала өзү байкабай, жакшы дем ала албай жүрсө деле бара бара көнүп кете берет. Кийин ошол зат таштай болуп катып кыйнаганда бизге келишет.

Тема боюнча

Дерматолог: бүбү-бакшыны бейтаптар биздин кесиптеш деп ойлошуптур
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
Белгилер:
маек, дарыгер, ден соолук

ЭҢ МААНИЛҮҮ