Эки күндүн ичинде Бишкекте жазында гүлдөй турган 120 миң жоогазын тигилип бүтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКлумбы тюльпанов в центре города Бишкек
Клумбы тюльпанов в центре города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир жоогазындын наркы 12,5 сом турат. Учурда алардын 74 миңи отургузулду.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Жакынкы күндөрү баш калаага жазга карата эки миң чарчы метр аянтка эрте гүлдөгөн жоогазындарды отургузуу иштери аяктайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Зеленстрой" ишканасы жакынкы күндөрдүн ичинде 13 түрдөгү 120 миң жоогазын тигет. 

"Ар бир гүлдүн наркы 12,5 сом турат. Учурда алардын 74 миңи отургузулуп, 10-ноябрга чейин тегиз тигилип бүтөт", — деп билдиришти мэриядан.

Жоогазындар марттын аягында, апрелдин башында гүлдөп, шаардын көркүнө көрк кошмокчу.

Атомдун планетардык модели ата мекендик илимдин символу болду - Sputnik Кыргызстан
Атомдун планетардык модели ата мекендик илимдин символу болду
2016-2018-жылга карата шаардын жашыл жаратылышын сактап калуу максатында эмен, каштан дарактарына жармашкан зыянкечтердин очогун жок кылуу максатында алдын ала жасала турган иштердин планы бекитилди. 

Мэриядан 2017-жылдын жана 2018-жылдын жаз айларында зыянкечтердин личинкаларын жок кылуу боюнча конкреттүү иштер башталаарын билдиришти. 

Маалымат кызматы Бишкектин жашыл чөйрөсүн 2016-2021-жылдары өнүктүрүү боюнча "Зеленстройдун" адистери иштеп чыккан концепция жакыны күндөрү шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизилерин кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0