Латыш келин Анастасия: кыргыз тилин үйрөнөөрүм менен "Манасты" окуп чыгам

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Уларбек Бакырдиновдун жубайы Анастасия Озерска
Кыргызстандык Уларбек Бакырдиновдун жубайы Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англияда өсүп чоңойгон латыш кызы жакында эле Сокулук районуна келин болуп түштү. Кыргыздын салт-санаасын чекесинен өздөштүрүп, кайын журтуна жүгүнүп, чай берип жаткан Анастасия жолдошу Уларбек менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева маек курду.
Латыш келин Анастасия көп конок күткөн кыргыздарга таң калды

Анастасия студиябызга кирери менен ак жоолугун салынып жылуу учурашты. Маңдайы жарык, жаркылдаган кыз экен.

— Куш бооңор бек болсун! Тойду кандай өткөрүп алдыңыздар?

— Той абдан шаңдуу өттү. Уларбек экөөбүз кеңешип, кыргыз оймо-чиймелер түшүрүлгөн көйнөк кийдим. Жолдошумдун үй-бүлөсү мени жылуу кабыл алды.

— Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз келдиби?

— Жок, апам жаңы төрөгөнүнө байланыштуу келе албай калышты. Алар үйлөнүү тоюбузду Skype аркылуу көрүштү. Чогуу түшкөн сүрөттөрдөн салып жибердик. Кайын журтум буюрса күн жылыганда барабыз же аларды чакырабыз дешти.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнглияда өсүп чоңойгон латыш кызы Анастасия жолдошу Уларбек менен
Супруги — кыргызстанец Уларбек Бакырдинов и латышка Анастасия Озерска  - Sputnik Кыргызстан
Англияда өсүп чоңойгон латыш кызы Анастасия жолдошу Уларбек менен

— Сиз жакта да үйлөнүү тойлор ушундай өтөбү?

— Ушундай эле өтөт, бирок бул жактагыдай 200дөн ашык киши чакырбайбыз. Көп дегенде 30га чукул адам келет. Мынча сандагы адамды көрүп абдан таң калдым. Бул бери эле жагы дешти го. Кээ бир туугандар келбей калыптыр. Тойдон чыгып үйгө түнкү саат үчтө барып, баарыбыз отуруп алып чай ичтик. Бир четинен таң калсам, бир жагы мага кызыктуу жана жагымдуу көрүнүш болду. 

— Кыргыздын келини болгон кандай экен?

20 жашында Нарын облусунун Кайыңды-Булак айылына келин болуп келген Галина Мальцева - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүдөн улам 45 жыл мурун Архангельскиден Ак-Талаага келин болуп келген Галя эже
— Жакшы, каада-салттар мени дагы деле таң калтырып, таасирлентип жатат. Алгач үйгө барганда көшөгөгө отурдум. Бул илгертен калган салт дешти. Жоолук салынып, отурдум. Көрсө ал көшөгөгө менин жолдошумдун апасы (кайненем) отуруптур. Жеңелердин айтканына караганда Нарын тарапта келин бир күн, Ысык-Көл тарапта 3-4 күн отурат экен. Уларбек нарындык болгондуктан мени бир күн эле отургузушту.

— Келиндик кызмат өтөп баштадыңызбы?

— Ооба, эртеси эле чай куйдум. Уларбек чай куйган чоң жоопкерчилик дегенинен мен үчүн бир топ эле чоң маселе болду. Кичине көнүп калдым окшойт. Мындан башка оор жумуш деле жасай элекмин азырынча.

— Кыргыздын келини болуп калам деп ойлобосоңуз керек? Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?

— Мен өзүм латышмын. Бирок кичинемден бери Англияда чоңойдум. Кесибим — искусство таануучу. Чыгыш таануу илимине да кызыгып жүрчүмүн. Окуум боюнча практикага барыш керек болуп, ар кайсы өлкөлөрдү карай баштадым. Россияга баргым келген жок, анткени Латвия экөө окшош өлкө. Бир күнү Кыргызстанга практикага келип кеткен дос кызым ушул өлкөнү сунуштап калды. Мен ойлонбой туруп макул болуп, Кыргызстан жөнүндө эч кандай маалымат албай эле келип калдым.

© Фото / из семейного архива семьи БакырдиновыхАнастасия: Уларбек чай куйган чоң жоопкерчилик дегенинен мен үчүн бир топ эле чоң маселе болду. Кичине көнүп калдым окшойт. Мындан башка оор жумуш деле жасай элекмин азырынча
Супруги кыргызстанец Уларбек Бакырдинов и латышка Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Анастасия: Уларбек чай куйган чоң жоопкерчилик дегенинен мен үчүн бир топ эле чоң маселе болду. Кичине көнүп калдым окшойт. Мындан башка оор жумуш деле жасай элекмин азырынча

— Анан Кыргызстан жакпай калган жокпу?

— Жок, бардык жагынан жакты. Эли меймандос, жөнөкөй, тамактары даамдуу, жаратылышы кооз. Жаккан үчүн биротоло келдим да (күлүп).

— Жолдошуңуз Уларбек экөөңүздөр кандайча таанышып калдыңыздар?

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Башында бул жактагы мектептердин биринде англис тилинен сабак берип ыктыярчы катары иштеп жүрдүм. Мындан тышкары, кайрымдуулук кылуу максатында бир долбоор жазгам. Анда Кыргызстандагы университеттерден макулатура чогултуп, аларды өткөрүп, түшкөн акчага балдар үйүндө тарбияланган балдарга бут кийим алып берүү боюнча жазылган. Уларбек Кыргыз улуттук университетинде жаштар менен иштешет экен. Ага долбоорду сунуштасам дароо кабыл алып, жардам кылды. Ошондон кийин экөөбүз байланышып, жакындашып кеттик.

— Жолдошуңуз жүрөгүңүздү кайсы сапаттары менен багынтып алды?

— Долбоор боюнча иштешип жүргөндө дайыма колдоо көрсөтүп, жардамдашып турчу. Тамашакөй, боорукер, бирок ошол эле учурда айткан сөзүнөн кайтпаган чыныгы жигиттик мүнөзү бар экен. Ушул сапаты үчүн мен аны жактырып калдым окшойт.

— Ортоңуздардагы жаш айырма канча?

— Мен 23 жаштамын. Уларбек 28ге жакында чыгат.

— Кыргыз мырзалары европалык эркектерден эмнеси менен айырмаланат экен?

— Ал жакта балдар менен жөн эле баарлаша бересиң, эркин сүйлөшөсүң. А бул жактан мырзалар менен баарлашууда эки жакты байкап, этияттык менен сүйлөшүү керек экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнастасия: тил үйрөнөйүн деп атайын курска бара баштадым. Кайын-журтум менен сүйлөшкөндө да тил жагынан кичине кыйналып калып жатабыз. Бирок баары жакшы болот деп ишенем
Супруга кыргызстанца Уларбека Бакырдинова Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Анастасия: тил үйрөнөйүн деп атайын курска бара баштадым. Кайын-журтум менен сүйлөшкөндө да тил жагынан кичине кыйналып калып жатабыз. Бирок баары жакшы болот деп ишенем

— Кайын-журтуңуз менен сүйлөшкөндө тил маселеси көйгөй жараткан жокпу? Кыргыз тилин качан үйрөнөсүз?

— Тил үйрөнөйүн деп атайын курска бара баштадым. Кайын-журтум менен сүйлөшкөндө да тил жагынан кичине кыйналып калып жатабыз. Бирок баары жакшы болот деп ишенем. Кыргыз тилин үйрөнөөрүм менен биринчи кезекте "Манас" эпосун да окуп чыгайын деп жатам. Мындан сырткары, Манас таануу илимин өздөштүрүп, ошол багытта иштесемби деген оюм бар.

— "Манас" эпосуна кызыгасызбы?

— Эпосту толук окуй элекмин. Бирок эки диссертациямды "Манас" эпосундагы эки скульптура боюнча жазып жаткан учурда абдан кызыгып калдым. Эми анын үч томун толугу менен окуп чыгам. Миңдеген жылдар бою колдон колго өтүп келген бул улуу мурасты жоготпошубуз керек. Учурда көпчүлүк эпосту сыртынан таанытып жүрөт. Бирок анын ички мазмунун коомчулукка таратуу керек деген ойдомун.

— Эми суроону Уларбекке узатсам. Ата-энеңиз латыш кызына үйлөнөм деген сунушту кандай кабыл алды?

Комузист Назбек Кенчинбаев и скрипачка Нурайым Азыкбаева - Sputnik Кыргызстан
Назбек менен Нурайым: бизди чыгармачылыктагы жылуу сезимдер бириктирди
— Башында аларга экөөбүздүн мамилебизди айтуудан корктум. Анастасия менен сүйлөшүп жүргөн убакта атам ооруканага жатып калды. Экөөбүз чогуу барып, атамдын ал-ахвалын сурап тааныштырсам, атам жакшы кабыл алды. "Жүзү жарык жакшы кыз экен" деди. Апам, бир туугандарым деле "өзүңөр чечкиле, силер жашайсыңар, бири-бириңерге жагып, табышсаңар каршы эмеспиз" дешти. Өзүм алты бир туугандын бешинчисимин.

— Жубайыңыздын ата-энеси менен тааныштыңыз беле?

— Настянын ата-энеси менен жайында таанышалы деп жатканбыз. Барып кыздын колун сурап, кыргыздын салты менен алып кетели деген ой бар болчу. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп барбай калдык.

— Үйлөнгөнүңөргө канча убакыт болуп калды?

— Он күндөй болуп калды. Тойго келбей калган конокторду тостук. Азыр өзүнчө бөлүнүп шаарга келдик. Ата-энемдикинде бир жумадай жүрдүк, ал убакытта жеңелерим көп болгондуктан көп деле жумуш кылган жок. Бара-бара баарын үйрөнөт да.

— Кыйналган жокпу?

— Үйдө Настяны колдон-буттан алган үч жеңеси бар, алар кеп-кеңешин берип жардам берип жатышат. Чай куйгандан бир аз кыйналып жатат окшойт. Мен ага чайды ысык, кызыл кылып жакшы куюш керек деп айткам. Бир күнү коноктор кеткен соң келиптир "12 литр чай ичишти" деп таң калып. Анан тил маселеси да көйгөй жаратып жатат. Ата-энем менен сүйлөшкөндө Настя кыргызча түшүнбөй, апамдар орусча түшүнбөй дегендей. Бирок баары убактылуу.

© Фото / из семейного архива семьи БакырдиновыхАнастасия: Англияда жакындарым да Кыргызстан жөнүндө окуп, салт-санаасын карап чыгышыптыр. Анан өзүмдүн апам "кыргыздар кыз алганда калың бериши керек экен" дейт. Мен апама "эгер калың берсе сеп беришиңиз керек болуп калат" деп күлдүм
Супруги кыргызстанец Уларбек Бакырдинов и латвийка Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Анастасия: Англияда жакындарым да Кыргызстан жөнүндө окуп, салт-санаасын карап чыгышыптыр. Анан өзүмдүн апам "кыргыздар кыз алганда калың бериши керек экен" дейт. Мен апама "эгер калың берсе сеп беришиңиз керек болуп калат" деп күлдүм

— Келинчегиңизди кыргыздын салты менен тарбиялай баштаган экенсиз да?

— Салт деген ыйык. Аны аткарыш керек. Настя сүйлөшүп жүргөндө ичеги-карын тазалаганды, жарма, бозо жасаганды үйрөнөм деп сөз берген. Акырындык менен баарын үйрөнөм деп камынып жатат, кийин эле тажап кетпесе (күлүп).

— Салт демекчи, Настяга калың бересизби?

— Ооба, калың бермей болдум. Нике кыйдырганга барганда молдо ислам дининде калың берүү парз деди.

Настя: Англияда жакындарым да Кыргызстан жөнүндө окуп, салт-санаасын карап чыгышыптыр. Анан өзүмдүн апам "кыргыздар кыз алганда калың бериши керек экен" дейт. Мен апама "эгер калың берсе сеп беришиңиз керек болуп калат" деп күлдүм.

— Эки диндин өкүлүнө кандай нике кыйылды?

Кыргызстанда орточо эсептеги үйлөнүү тоюнун чыгымдары — 200 адамга эсептелген салтанат - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда
Уларбек: Дин маселеси боюнча Настя мурда эле менден ислам динин кабыл алайынбы деп сураган. Мен ага дин адам менен Кудайдын ортосундагы мамиле болгондуктан бул маселени ар бир адам өзү чечет деп айткам. Эгер динди кабыл алгыдай болсо, ал боюнча китептерди окуп чыгууну сунуштагам. Мечитте нике кыюуда молдо динди кабыл алмайынча нике кыйылбайт дегенинен Настя мусулман динин кабыл алдым деди. Ошентип экөөбүз тең келме келтирип, нике кыюу эрежелерин аткардык.

— Мыйзамдык никеге да турдуңуздарбы?

— Мыйзамдык никеге жайында Настя Англияга кетерде эле отурганбыз. Чакан эл менен эле барып күбөлүгүбүздү алганбыз. 

— Жарандыкчы?

— Албетте, Кыргызстандын жарандыгын алат. Азыр тойлор жаңы бүтүп, эки жагыбызды иреттеп алгандан кийин аракет кыла баштайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0