Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстан — Борбор Азиядагы демократия аралчасы

© Фото / пресс-служба ЖКСпикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократия аралчасы экенин баса белгиледи. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

"Басма сөз каражаттары элге маалымат жеткирүү менен гана чектелбей, коомдук аң-сезимдин калыптанышына түздөн-түз таасир этип, жарандык коом менен бийлик ортосундагы байланышты камсыздап турат. Буга байланыштуу Борбор Азиядагы демократиялык аралчага айланган Кыргызстан өлкө кызыкчылыгына негизделген сөз эркиндигинин принциптерин, окуяны чагылдыруудагы журналистиканын дүйнөлүк эрежелери менен адам укуктарын коргоонун демократиялык талаптарын сактоого далалат жасап келет", — деп айтылат төраганын куттуктоосунда.

Ал ошондой эле журналисттерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалады.

7-ноябрь Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет. 1924-жылы дал ушул күнү "Эркин-Тоо" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинин биринчи саны чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0