Бишкек шаарында "Үч тапан" боюнча жарыш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация национальной игры айкур в Бишкеке
Презентация национальной игры айкур в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарышка үч адамдан турган сегиз команда катышып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында "Үч тапан" оюну боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир Mozgami уюму тарабынан уюштурулуп, 9-ноябрда саат 15:00дон 17:00го чейин Бишкектеги соода борборлордун биринде болот.

"Максат – эл арасында чүкө оюндарын, анын ичинен "Үч тапанды" жайылтуу", — деп билдиришти уюштуруучулар.

Жарышка үч адамдан турган сегиз команда катышып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0