Безгектин алдын алуу үчүн аймактарда жаңы топтор түзүлдү

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүКомар
Комар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү эпидемиологиялык көзөмөл кызматы безгек менен күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди жасоону улантат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Безгекти алдын алуу үчүн аймактарда атайын топтор түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган атайын топтор безгекти алдын алуу боюнча 2018-жылга чейинки программанын алкагында куралууда.

"Топторго медиктерден сырткары айыл тургундары мүчө болуп, алар үйлөрдү кыдырып, дарылоого катышат. Анткени бул илдетти жуктуруу коркунучу жогору", — деп жазылат маалыматта.

Өлкөдө безгек менен күрөшүү багытында аталган программа 2014-жылдан бери иштеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0