Ошто имамдар билимин жогорулатып жатат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Куран китебин окуп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара коомчулуктагы түрдүү диний маселелерди чечүүдө имамдардын тажрыйбасын жогорулатууга багытталат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ош шаарында облустун ар аймагынан келген 150 имам окуу курсунан өтүп жатканын муфтият билдирди.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Чолпон-Ата шаарындагы мечиттин ачылышына катышты
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы жана "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган. 

Ош мамлекеттик университетинин теология факултетинде өтүп жаткан окуу курсуна облустун ар тарабынан 150гө жакын мечит имамдарына Куран, Пайгамбарлар тарыхы, Ислам тарыхы, Фикх, акыйда, хадис, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, иш кагаздары, риторика, имамдын этикасы жана кыргыз маданияты сабактары окутулууда. 

"Сабактарды белгилүү аалымдар жана теология факультетинин окутуучулары өтүп жатышат. Окуу программасында негизинен акыйда жана фикх сабактарына басым жасалып, ар бири 8 сааттык программада окутулууда", — деп айтылат маалыматта. 

Окуу курсу алты күнгө ылайыкташтырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0