Муфтий Чолпон-Ата шаарындагы мечиттин ачылышына катышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМуфтий Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү
Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азирети муфтий Токтомушев "Газпром" тарабынан курулган спорт комплексинде жаштар арасында өтүп жаткан Кыргызстандын дзюдо боюнча биринчилигинин ачылыш салтанатында сөз сүйлөдү.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Мухаммед Абделфатах Аль Маданий" мечитинин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Намаз алдында температураны жөнгө салган "акылдуу мечит" курулат
Азирети муфтий Токтомушев Чолпон-Ата шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Газпром" тарабынан курулган спорт комплексинде жаштар дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилигинин ачылыш салтанатына катышты. 

Ал өз сөзүндө спорт адамды сергек жашоого үндөп, ден соолукка абдан пайдалуу экендигине токтолуп, жаш жеткинчектерди ыймандуу болуп, ар кандай терс диний агымдардан алыс болууга чакырды. 

Спорттук иш-чара өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөп, дзюдо тармагын өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0