21:51 29 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.9514
  • RUB1.0372
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" (10)
76220

Шаршемби күнү Украина президентинин сайтына Кыргызстан менен Украина башчылары телефон аркылуу баарлашкандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Ал эми Кыргызстандын президентинин аппараты Порошенкону кимдир бирөө тамашага салганын болжолдоду.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы россиялык пранкер (тамашакөй) Вован деген ат менен таанымал Владимир Кузнецов жана Алексей Столяров (Лексус) менен социалдык тармак аркылуу байланышка чыгып Алмазбек Атамбаевдин атынан украин лидери Петр Порошенко менен байланышка чыкты делген маалыматтын чын төгүнүн сурады. 

Шаршемби күнү Украина президентинин сайтына Кыргызстан менен Украина башчылары телефон аркылуу баарлашкандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Кийинчерек Кыргызстандын президентинин администрациясы Атамбаев менен Порошенконун ортосунда эч кандай сүйлөшүү болбогонун жарыялады. Мындай маалымат чыккандан кийин Украина президентинин сайтындагы маалымат алынган эмес.

"Мен бул тууралуу окудум. Менимче сүйлөшүү расмий негизде болгон эмес. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү ЖМКга кантип туура жарыялоону Макулдашпай калган. Негизи Украина тарап бизге шылтоолоп койгонду жакшы көрөт. Мен президенттин билдирүүсүнө комментарий бергим келбейт", — деп жазды пранкер Лексус. 

Ал ошондой эле Кыргызстандан адис издегени тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин бир катар ЖМКлар Атамбаев менен Порошенко телефон аркылуу "байланышканга" чейин бир күн мурун Лексус Facebook баракчасына Кыргызстандан адистер керек экени тууралуу маалымат жарыялаганын жазып чыгышкан. 

"Украина тарап өз президентин актоо үчүн ушундай чечим кабыл алган. Тагыраагы, анын ЖМКлары. Өлкө башчынын кетирген катачылыктарынын баарын пранкерлерге шылтай салышат. Менин баракчамда андай жазуу жок, өзүңөр көрүп жатпайсыздарбы", — деди Лексус.

Өз кезегинде пранкер Вован да Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсүнө" тиешеси бар деген маалыматты четке какты.

"Балким ал (Порошенко) президенттерди алмаштырып алгандыр. Мен аны менен сүйлөшкөн эмесмин", — деди Вован.

Март айында аталган пранкерлер Украина президенти Пётр Порошенкого жеңил эле телефон чалганын айтып чыгышкан. 

"Ар кандай болот да. Кээде кичинекей өлкөнүн башчысына чала албай каласың. Бирок учакта бараткан Порошенко менен оңой эле байланыштык", — деди Столяров.

Ошол эле айда Кузнецов Россиянын тергөө абагында жаткан Надежда Савченкого Владимир Порошенконун атынан жазылган каттын автору экендигин билдирген. Ал ачкачылык жарыялаган аскер кызматкерин "жоошутууну" максат кылганын айткан.

Тема:
Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү" (10)

Тема боюнча

Сапар Исаков: Атамбаев Украина президенти Порошенко менен сүйлөшкөн жок
Белгилер:
Петр Порошенко, пранкер, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ