Порошенко менен Атамбаевдин атынан деги ким сүйлөштү?

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүУкраина президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү
Украина президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Украина президентинин расмий сайты делген порталдан Алмазбек Атамбаев менен Пётр Порошенконун телефондон сүйлөшкөнү тууралуу маалымат тараган. КР президентинин аппараты бул жаңылыкты четке какты.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Украина лидери Пётр Порошенко менен "сүйлөшкөнгө" чейин Лексус (Алексей Столяров) деген каймана ат менен таанымал россиялык пранкер Facebook баракчасына Кыргызстандан адистер талап кылынарын жазган. Бул тууралуу politobzor.net басылмасы маалымдайт. 

Шаршемби күнү кечинде Украина президентинин расмий сайты делген порталдан Атамбаев менен Порошенконун телефон аркылуу "сүйлөшкөнү" жарыяланган. Андан кийин КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Атамбаев Порошенко менен сүйлөшпөгөнүн билдирген. Бул мезгилде украина президентинин сайтындагы "сүйлөшүү" тууралуу маалымат алынган эмес.

Украина президентинин администрация башчысынын мурунку орун басары Андрей Портнов Facebook баракчасына учурдагы администрация жетекчисин жумуштан бошотуу керектигин жазып чыкты. 

"Мындай тамашадан кийин Украина президентинин администрация жетекчиси сөзсүз жумуштан кетиши керек. Окуя мамлекеттик аппараттын толук кыйраганынан жана башкаруу институттарынын комедияга айланып калганынан кабар берет", — деп жазат ал.

Соцтармактын башка пайдалануучулары пранкер Лексус Петр Порошенко менен телефондон байланышуу үчүн атайын Кыргызстанга учуп келгенин белгилешти.

Украиналык интернет пайдалануучулар кыргыз жана украин президенттеринин сүйлөшүүсү тууралуу маалымат эмдигиче өлкө башчынын сайтынан алынбаганына таң калышууда.

Украинанын Улуттук Айдар батальонунун мурдагы командири, Жогорку Раданын депутаты Сергей Мельничуктун архивдик суроту - Sputnik Кыргызстан
Рада депутаты бир жылда 39 млрд. доллар таап Соростон ашып кетти
Ошондой эле аталган порталда акыркы күндөрү Украинанын президенти бир нече телефондук сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү жазылган. Маселен, 28-октябрда Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Европа комиссиясынын жетекчиси Жан-Клод Юнкер, Европалык парламенттин төрагасы Мартин Шульц жана Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск менен сүйлөшкөн. Ал эми 31-октябрда Порошенко телефон аркылуу Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен баарлашкан. 

"Петр Порошенко менен Алмазбек Атамбаев Украинанын продукцияларын Россиядан транзит аркылуу Кыргызстанга өткөрүү жаатындагы көйгөйлөр менен мүмкүн болгон альтернативдик маршруттук каттамдарды түзүүнү ойлонуштуруу маселесин талкуулашты", — деп айтылат сайтка жарыяланган маалыматта.

Бирок Сапар Исаков телефон аркылуу байланыш болгон делген маалыматты четке какты. 

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Украинанын президентин кимдир бирөө тамашага салган окшойт", — деп билдирди Исаков. 

Март айында Вован каймана ысымдуу москвалык Владимир Кузнецов Россиянын тергөө абагында жаткан Надежда Савченкого Владимир Порошенконун атынан жазылган каттын автору экендигин билдирген. Ал ачкачылык жарыялаган аскер кызматкерин "жоошутууну" максат кылганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0