Имамдар билимдерин жогорулатууда

© Фото / Ошский областной казыятАрипов: нужно учитывать традиции при ношении хиджаба
Арипов: нужно учитывать традиции при ношении хиджаба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу курсуна Ош облусунун жети районунан келген 150гө жакын мечит имамдары катышууда.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ош облусунун имамдары билимдерин жогорулатуучу курстан өтүп жатканын муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Ош облусунун имамдары үчүн окуу семинары башталды. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, "Ыйман" өнүктүрүү фондунун жардамы менен өтүүдө.

"Семинар "Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Окуу курсуна Ош облусунун жети районунан келген 150гө жакын мечит имамдары катышууда", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган семинар алты күнгө созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0