Окумуштуулар соцтармактарда отуруу адам өмүрүн узартарын божомолдоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековБлаготворительное мероприятия Twitter party в Бишкеке
Благотворительное мероприятия Twitter party в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык көз караштан алганда дарыгерлер да көп адамдар менен достошуп, алар менен жагымдуу жаңылыктарды бөлүшүп туруу адам өмүрүнүн узарышына алып келерин белгилешет.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Илимпоздор 12 миллион интернет колдонуучуларынын жашоосуна көз жүгүртүп отуруп, социалдык тармактарда отурган адамдар узагыраак жашай турганын божомолдошкон. Мындай макала PNAS журналына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты. 

"Онлайн түрүндө баарлашуу ден-соолукка пайда алып келиши мүмкүн. Бирок сырткы чөйрөдөн да четтеп кетүүгө болбойт", — деди АКШнын Калифорния Университетинен Уильям Хоббс. 

Жаш бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австралиялык кыз Facebook тармагына чыккан сүрөттөрү үчүн ата-энесин сотко берди
Хоббс баштаган окумуштуулар жана Facebook компаниясынын адистери Калифорния штатынын социалдык тармактарга катталган жана медициналык камсыздандыруу баракчалары бар жарандардын жашоосуна баам салып көрүп, адам канчалык көп киши менен баарлашса ошончолук маанайы көтөрүлүп, өмүрү узагыраак болот деген жыйынтыкка келишкен.

Медициналык көз караштан алганда дарыгерлер да көп адам менен достошуп, алар менен жагымдуу жаңылыктарды бөлүшүп туруу адам өмүрүнүн узарышына алып келерин белгилешет.

Албетте мындай жыйынтыкка дароо ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок макаланын авторлору ырасташкандай онлайн баарлашуу адамга жагымдуу маанай тартуулай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0