Ошто экстремизм менен терроризмге каршы жөө жүрүш өттү

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадКонференция против экстремизма в Джалал-Абаде
Конференция против экстремизма в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө жүрүш эки чакырымга созулуп, колдоруна лозунгдарды көтөргөн тургундар көчөлөрдү кыдырып, элди бейпил жашоого, ынтымак менен достукка үндөгөн чакырыктарды ташташты.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочулары экстремизм менен терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыкканын муфтият билдирди.

Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте терс диний агымдардын алдын алуу боюнча семинар уюштурулду
Маалыматка ылайык жөө жүрүш жаштардын экстремизм, терроризм жана терс көрүнүштөргө кириптер болуусунун алдын алуу, жаштарга туура жолду түшүндүрүү максатында уюштурулган. 

Акцияга Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Жолдошов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысы 2000ден ашуун жаран катышты. Жөө жүрүш эки чакырымга созулуп, колдоруна лозунг көтөргөн тургундар көчөлөрдү кыдырып, элди бейпил жашоого, ынтымак менен достукка үндөгөн чакырыктарды ташташты. 

Эскерте кетсек, мындай жөө жүрүш өткөн жылы Кара-Суу районунун борборунда да өткөрүлгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0