Кыргызстандын эр жүрөк МАИчилери

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматкеринин архивдик сүрөтү
Кайгуул кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдар чындыгында Кыргызстанда жашайт жана алардын жасаган эрдиктери менен жол коопсуздук кызматы сыймыктанат деген ишеничтебиз.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Көпчүлүк учурда Кыргызстанда кайгуул кызматынын өкүлдөрүнө бир жактуу мамиле жасалат. Анын ичинде МАИ кызматкерлери да бар. Кээсинин айрым кылык-жоруктары эл оозуна бат эле алынып, көпчүлүктүн кыжырын келтирет.

Бирок Sputnik милиция кызматкерлеринин күнүнө карата өз кызматында жакшы жагы менен айырмаланган, жада калса баатыр деген наамга татыктуу болгон кызматкерлерди тизмектеп чыгууну туура көрдү.

Өжөр "жөргөмүш адам"

Бактыбек Сакиев өлкөгө чынчыл жана туруктуу инспектор катары эмес, жумушунда да өжөрлүк мүнөзү менен айырмаланат. Кайгуул кызматынын өкүлү жол эрежесин бузган адамдын капотуна жабышып бир топ жерге чейин түшпөй барган. Анын мындай жоругу видеого түшүп миңдеген интернет колдонуучулардын назарына түшкөн.

Мүнөзү уялчаак жана жөнөкөй Сакиев кесиптештерине үлгү боло алды. Бирок каарман өзүн өзгөчө адам деп ойлобойт. Аны айдоочулар азыркыга чейин таанып, сүрөткө түшүп алууну өтүнүшөт. Мындай ата-даңкка карабай Сакиевдин айлык маянасы мурдагыдай эле 10 миң сом.

Отко күйбөйгөн, сууга чөкпөй…

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязовго Кайгуул милициясы 1000 сом айып салды
Өрт өчүрүү маалында милициянын сержанты Кубанычбек Белеков жана старшина Азамат Шайымканов өрттөнүп жаткан имараттан 25 адамды аман алып калышкан. Баары сыртка чыгарылган убакта имараттын төртүнчү кабатында үч кыз калып калган. Өрттөн улам эшикти кыздар өздөрү да, милиция кызматкерлери да ача албай койгон. Жыйынтыгында каалганы эптеп ачып кыздарды алып чыгышкан. Тилсиз жоодон 14 адам ооруканага жеткирилип, куткаргандар да газга ууланып ооруканага жатышкан.

Төрөт кабыл алган "кайгуулчу"

Жол кайгуул кызматкерлеринин айта берсе окуялары бир топ эле. Алардын дагы бири — "төрөт кабыл алган кайгуулчу". Жол кырсыгынан жабыркаган кош бойлуу аялдын толгоосу келип, инспектор Исламбек Эгембердиев келинге жардам берген. Жыйынтыгында жарык дүйнөгө кичинекей кыз жаралып, жылуу жалаякка оролуп апасы менен ооруканага жеткирилген. Азыр ал кыз беш жашка толду. Учурда милиция кызматкери бул үй-бүлө менен тыгыз байланышта.

Эр жүрөк баатырлар 

Чүй облусунун кайгуул кызматкерлери Нооруз айылындагы №50 абактан качкан беш кылмышкерди кармашкан. Кылмышкерлер жаза аткаруу бөлүмүнүн үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөсүн оор жарадар кылган. Бирок ал көп узабай ооруканадан каза болгон.

Кайгуул кызматкерлери Мирлан Бакиев жана Марат Курманалиев качкан адамдар тууралуу маалымат алган соң, сүрөттөп берген унааны байкап токтотушкан. Бирок айдоочу унааны токтотпой, тескеринче, кылмышкерлер тапанча менен атып туш тарапка качып кетишкен. Ошол учурда кайгуул кызматкерлерине атайын топ жардамга келген. Түрмөдөн качкан тогуз адамдын бешөө кармалып, калганы качып кетүүгө үлгүргөн. Качкан адамдарды изине түшкөн милиция кызматкерлери алардын кандай кылмышкер экенин да билишкен эмес. 

Маданияттуу МАИчи

"Чыгыш-5" кичи районунда милиция кызматкери улгайып калган кемпирди жолдон өткөргөн. Бул учурду Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири сүрөткө тартып салып койгон. Көптөгөн интернет колдоочулары бул жаңылык менен бөлүшүп кесиптештерине үлгү болсун деген билдирүүлөрүн жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0