Уролог Нурлан Эгетаев: ныгырыла отуруп иштебе, тукумсуз болуп каласың!

© Фото / Гулдана ТалантбековаЖогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев
Жогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек өзүнөн кийин мурас калтыра албаганын билгенде кандай абалда болот? Эмне үчүн офисте иштегендер тукумсуз болуп калуу коркунучу тууралуу ойлонушу керек? Балам акылдуу чыксын деп башка улутка турмушка белсенүүнүн кепилдиги барбы?

Бул баш катырган маселелер тууралуу жогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Алгач эле эркек баланын жашоодогу ролу тууралуу сүйлөшсөк. Жар алып, ата болуп, тукум улайм дегендер эмнеге көңүл коюшу керек?

Жогорку даражадагы акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Мадраимова: абортко келген кыздардын жигитин таап жараштырып коёбуз
— Эркек баланын ролу кыз кишиникиндей эле чоң жоопкерчиликке ээ. Үй-бүлө куруу бул базарга барып бир нерсе сатып алуу эмес. Жубайды жөн эле тандап койбостон, ден-соолугуна да көңүл буруу зарыл. Экөөнүн тең дени сак болсо жакшы тукум калтырууга жөндөмдүү болушат. Маселен, аркалык, түштүктүк деген маселе коомду гана эмес, урологдорду дагы тынчсыздандырып келет. Тукум кууган оорулардын көбү жакын туугандары менен үй-бүлө кургандыктан келип чыгат. Көпчүлүк оору-сыркоолор аял жактан өтөт. Бирок эркек кол куушуруп отура бербеши керек. Айрым оорулар көп жылдар бою козголбой жүрүп, үйлөнгөндөн кийин козголо баштайт. 

— Жакын урук-туугандар менен үй-бүлө курганда төрөлгөн балдары жабыр тартышынын медициналык себептерин түшүндүрө кетсеңиз?

— Балдардын жүз пайызы эмес, бирок басымдуу бөлүгү оорукчан болуп калат. Маселен көп кездешкен шал оорусун алалы. Эгер дарт тукумда болсо, алысыраак жактан ден-соолугу чыңдарга үйлөнсө же күйөөгө чыкса доминантуу гендер жаман гендерди басат. Жаңы ген болушунча жакшы гендерди топтоп алат. Эгер экөө тең оорулуу болсо, балдары болбосо да небере-чөбөрөлөрүндө оору кездешиши мүмкүн. 

— Алыс жактан бүлө кургандан сырткары, башка улуттун өкүлдөрү менен баш кошкондо балдар акылдуу чыгат деп айтып жүрүшөт. Канчалык чындыгы бар?

— Ар кандай болот. Башка улут менен үй-бүлө курсам балам акылдуу болот деген жаңылыштык. Анткени башка улуттун деле оорукчандары, кем акылдары, дени сактары бар. Турмуш курууну каалагандар алардын саламаттыгын байкаштырып, жүрүм-турумун өз алдынча изилдеши керек. 

© Фото / Гулдана ТалантбековаНурдан Эгетаев: эркектер көбүнчө бала пайда кылуучу органдарын чыңдашы керек. Ар кандай медициналык кароолордон өтүп, тиешелүү анализдерди тапшырып туруусу зарыл. Балдарда өзү байкабай, билбей жүргөн оорулар кездешиши мүмкүн
Гролог-андролог высшей категории Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Нурдан Эгетаев: эркектер көбүнчө бала пайда кылуучу органдарын чыңдашы керек. Ар кандай медициналык кароолордон өтүп, тиешелүү анализдерди тапшырып туруусу зарыл. Балдарда өзү байкабай, билбей жүргөн оорулар кездешиши мүмкүн

— Балдар болочоктогу ата катары ден-соолугуна кам көрүп, кандай даярдыктардан өтсө болот?

— Эркектер көбүнчө бала пайда кылуучу органдарын чыңдашы керек. Ар кандай медициналык кароолордон өтүп, тиешелүү анализдерди тапшырып туруусу зарыл. Балдарда өзү байкабай, билбей жүргөн оорулар кездешиши мүмкүн. Акыркы жылдары студенттер арасында, анын ичинде эркек балдарга атайын медициналык кароо өткөрүлүп жатат, Алгач өздөрүнөн сурап, анан объективдүү түрдө дене мүчөлөрүн текшерип чыгасың. Маселен эки жыл мурун бир технукумда балдарды эмне кабатыр кылаарын сурап калсак, баары сонун деп жооп беришти. Анан бир бала кароодон баш тартып калды. Сыртынан бир нерсени байкагандай болдум. Акырын чакырып текшерип көрсөм, сырткы жыныс мүчөсү жетилбей калыптыр. Тиешелүү анализин жазып берип, керектүү кеңештерди бердик. Ата-энесине да билдиргенбиз.

— Баланын тагдыры эмне болду анан?

— Анализдери толук чыга элек. Жыл сайын дарыланып турат, бул мүчүлүштүктүн жоюлушу да аз убакытта билине бербейт.

— Ушундай деңгээлге жетпеш үчүн эмне кылуу керек эле? Мындай кырдаалда баланы караган ата-эне күнөлүүбү же медицинадагы агартуу иштеринин жоктугубу?

Стоматологдор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
— Биз азыр балдарды окуу жайда окуп жаткан кезинде текшерип жатабыз. Бул учурда жыныс органдарын дарылоого кеч болуп калышы мүмкүн. Эң алгач ата-эне көңүл бурушу керек. Апасы жуунтуп жатканда, кызбы-эркекпи, жыныс органдарын байкаш керек. Маселен эркектерде жыныс бездеринин өзүнүн жайына түшпөй калуучу крипторхизм оорусу бар. Ал курсак көңдөйүндө калып калып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Аймактык педиатрлар балдарды сыртынан эле карап койбостон мүчөлөрүн дагы текшериши керек. Мектепте кыздар кеңеши бар болгондуктан аларга чала болсо дагы көңүл бурулуп калып жатат. Эркек балдарды он сегизинде военкоматтан карашат. Бирок көп болсо тишин карап, калган жактары чала эле текшерилет. 

— Турмуш курам деген балдар даярдап коюңузчу деп келген учурлары барбы?

— ЖОЖдорго медициналык кароо иштерин жүргүзүп баштагандан бери келип калышты. Бирок көбү үйлөнгөндөн кийин келет.

— Үйлөнгөндөрдүн көйгөйү эмнеде экен?

— Алар көбүнчө эркектин тукумсуздугу боюнча кайрылышат. Илгери тукумсуздукка 60-70 пайыз аял күнөөлүү дешсе, азыр теңме-тең болуп калды. Керек болсо көбүрөөк бөлүгүн эркектер түзөт. Себеби жүрүм турумдарына, ден-соолугуна кайдыгер мамиле жасагандын кесепетинен оңолбой турган катачылыктар болуп калып жатат. 

— Акыры чындык айтылууга кажет. Эркек тукум калтырууга жөндөмсүз экенин билгенде кандай абалда болот? Мен бул жакта туруп эле элестетүүдөн корком.

— Психологдорго жибергенге аракет кылабыз. "Сен эч нерсеге жарабайсың" деп айтуу такыр туура эмес. Варианттарды сунуштайбыз. Ар ким ар кандай кабыл алат. Кээ бир эркектер тукумсуз экендигин угуп алып өмүрүнө кол салышы мүмкүн. 

Республикалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу Кундузбек Тургунбеков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Дерматолог: бүбү-бакшыны бейтаптар биздин кесиптеш деп ойлошуптур
Бир окуя эсиме түштү. Эки жаш үйлөнгөнүнө жарым жыл болуп, балалуу болбой жатышыптыр. Бала мага өзү келди. Кайын энеси "сен жарабайт экенсиң, эркек эмес окшойсуң, ажырашкыла" дептир. Келинчеги экөө макул болбой жатышыптыр. Текшерсем бир аз мүчүлүштүктөр бар экен. Дарылап коюу деле анча кыйын эмес болчу. Анан кайненеңе түшүндүрүп, келинчегиң экөөң жарашкыла деп кетиргем. Мындайда туугандары да түшүнүү менен карап жардам берип коюшу керек. Анан "сен жарабайсың" деп басынткан туура эмес. Текшерүүгө аялы менен күйөөсү чогуу келгени да дурус болот. 

— Жарабайт деп келип жарап кеткендер да кездешсе керек?

— Эркектин уругунун кыймылынын деңгээли 50 пайыздан жогору болушу керек. Мага бир жигит 26 пайыз менен келди. Простатити, инфекциясы бар экен. Келинчегин гинекологго жиберип, эркегин мен дарыладым. Алты айдан кийин баланын эркектик деңгээли көтөрүлүп, наристелүү болушту. Буга чейин беш-алты жерге барса "сеники болбойт, жасалма жол менен балалуу болгула" дептир. Бул үч жыл мурун болгон окуя, азыр үч жылда эки балалуу болушуптур. 

— Тукумсуздук тукум куубайбы?

— Кууганы да, куубаганы да бар. Маселен, дудук менен дүлөйлөр үйлөнсө нормалдуу бала төрөлүшү мүмкүн. Жубайлардын бири оорулуу, бир соо болсо дагы нормалдуу бала төрөлөт. 

© Фото / Гулдана ТалантбековаНурдан Эгетаев: учурда кечке отуруп иштегендерде варикациялык оорулулар көбөйүп баратат. Мисалы компьютерде көпкө отурганда жамбаштан ылдый кан айланбай бир жерге үймөлөктөшүп топтоло берип, тамырлардын ичкерип шишип кетишине алып келет
Гролог-андролог высшей категории Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Нурдан Эгетаев: учурда кечке отуруп иштегендерде варикациялык оорулулар көбөйүп баратат. Мисалы компьютерде көпкө отурганда жамбаштан ылдый кан айланбай бир жерге үймөлөктөшүп топтоло берип, тамырлардын ичкерип шишип кетишине алып келет

— Тукумсуздуктун келип чыгуу себептерин жана аны дарылоонун жолдорун айта кетсеңиз?

— Мен эң актуалдуусун айтып берейин. Учурда кечке отуруп иштегендерде варикациялык оорулулар көбөйүп баратат. Мисалы компьютерде көпкө отурганда жамбаштан ылдый кан айланбай бир жерге үймөлөктөшүп топтоло берип, тамырлардын ичкерип шишип кетишине алып келет. Анан эркекти эркек кылган тестесторон деген гормон шишигенде сперма начарлап тукумсуздукка алып келип жатат. Бул варикациялык оору совет учурунда аз санда эле, азыр эркектер мындай көйгөй менен байма бай кайрылып жатышат. Илдет көбүнчө офисте иштеп, эртеден кечке маршруттук такси айдап, оор жүк көтөргөндөн же жөн гана ныгырылып отургандан пайда болот. Кээ бирөөнүн тукумунда кездешет.

— Аны дарыласа болобу?

— Убагында келгендер операция жасаттырышат. Операциядан кийин бир жумада калыбына келип, үч-төрт ай оор жумуш кылбоо сунушталат. Бул варикоздук оору — тукумсуздуктун бирден бир себеби. Азыр көп оорулар инфекция аркылуу жугуп жатат. Ошон үчүн эркектер тукумсуздуктун алдын алып гигиенаны сактап, коргонуу каражаттарын колдонушу керек. Тукумсуздук ички эндогендик жана сырткы экзогендик болуп эки чоң топко бөлүнөт..

— Тукумсуздукту дарылоонун түрлөрүн айта кетсеңиз?

Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти
— Инфекциялык оору болсо дары-дармек менен калыбына келтирсе болот. Эгерде органикалык мүчүлүштүктөр кетсе хирургиялык жол менен калыбына келтирүүгө мүмкүн. Уругу өлүк же кыймылы төмөн болсо аялынын жатынында уругун өстүрсө болот. Мында лабороторияда клеткаларын атайын пробиркада өстүрүшөт. Аны ЭКО деп аташат. Эгер ал дагы жардам бербесе карын эне жалдашат. Мында аял менен эркектин жыныс клеткаларын чогуу өстүрүп туруп бөлөк аялдын жатынына куят. Эгерде таптакыр эле болбосо бала багып алуу сунушталат. Эң башкысы — үмүттү үзбөш керек. Мындай абалга кабылбаш үчүн убагында ден-соолукка кам көрүп, дарыгерге кайрылуу керек.

— Эбактан бери берсемби же бербесемби деген бир суроом бар. Жакында эле кесиптешим гиперсексуал тууралуу материал жасаган. Ал он жыл бою жубайын тынымсыз сексуалдык катнашка кыйнап келиптир, мунун кесепетинен аялы күйөөсүн сотко бергенге чейин барыптыр. Бул эмне? Оорубу же адатпы?

— Гиперсексуал дегенде эки түшүнүк болушу керек. Ар ким организмдин тышкы дүүлүктүргүч факторлоруна ар кандай жооп берет. Бирөөсү чыдамдуу же чыдамсыз келет. Гиперсексуалдар — булар ашынып кеткендер. Кээ бирөөнүн жыныс органындагы сезгенүүлөр нерв системасынын бузулушуна алып келет. Айрым учурда эркек жумуш кылбай үйүндө кечке отурганда боштуктун айынан дагы мындай иштерге барат. 

Мага жаш балдар "төшөк маселеси тууралуу кантип ойлонбой коюш керек, жыныстык катнашка барбай койсок зыян эмеспи" деп келишет. Мен "зыян эмес, организм керектүү учурда өзү эле ашыкча нерселерди чыгарып турат" деп жооп берем. Негизи сексуалдык энергияны башка энергияга бурганга аракет жасаш керек. Маселен спорт же китеп окуу жакшы жардам берет. 

— Суроого улай эле, коомчулукта талкууга түшкөн педофилдердин келип чыгуусунун себеби эмнеде болушу мүмкүн?

— Булар психикасы бузулган кишилер болот. Көбүнчө өспүрүм кезде ар кандай учурлар кездешет, кимдир бирөө аны зордуктап же анын көзүнчө зордуктаган нерселерди көрүшү мүмкүн. Ошолор кийин психологияга эмес, психикага так калтырышы ыктымал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0