Тогуз ай аралыгында 22 салыкчы жазаланды

© Фото / пресс-служба ГНСКараз толтуруп жаткан аялдын архивдик сүрөтү
Караз толтуруп жаткан аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары эмгек жана кызмат келишимин бузган 9 кызматкер жазаланды.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Январь-сентябрь айларынын аралыгында салык кызматынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. 

Мындай көрүнүш салык кызматына келип түшкөн жарандардын даттанууларынан улам болууда.

"Тогуз кызматкедин ичинен бирөөнө эскертүү берилсе, төрт адам катуу сөгүш алып, сегиз кызматкергне сөгүш жарыяланды. Ал эми тогуз салыкчы сынга алынды", — деп айтылат маалыматта.

Мужчина с портфелем. - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда "Тазалыктын" кызматкери менен мушташкан салыкчы иштен алынды
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын аралыгында Мамлекеттик салык кызматына түрдүү кайрылуу менен 177 адам даттанган. Анын ичинде 63 электрондук кат келген. Ал эми жергиликтүү салык кызматтарына 64 кайрылуу түшүп, анын 18и электрондук вариантта болгон.

Мындан сырткары, эмгек жана кызмат келишимин бузганы үчүн тогуз кызматкер жоопко тартылды. Алардын үчөөнө катуу сөгүш жарыяланса, экөө сөгүш алып, төрт кызматкерге эскертүү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0