УКМК: мас киши аялын Москвага учурбоо үчүн аэропортто бомба бар деп айткан

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүүлөр башталды.

БИШКЕК, 1-ноя. —Sputnik. "Манас" аэропортунан уча турган учактардын бирине бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран тергөө абагына камакка алынганын УКМК билдирди.

Россияда поездди "бомба бар" деп токтоткон кыргызстандык аялга сот айыппул гана салды
Эскерте кетсек, кечээ күнү "Манас" аэропортуна белгисиз жаран чалып, учактардын бирине бомба коюлгандыгын айткан. Мындан улам төрт авиакаттам токтотулуп, аталган жерге УКМК жана ИИМ кызматкерлери барып, бомбаны таба алышкан эмес. 

Ошол эле күнү УКМК кызматкерлери ИИМ менен биргеликте жалган маалымат тараткан жаранды кармашкан. Ал 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. 

Териштирүү учурунда кармалган жаран аялын Бишкек — Москва каттамынан алып калыш үчүн мас абалында жалган маалымат бергени аныкталган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 228-беренеси (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) боючан кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0