Ак-Талаа тургундарына көмүр Кара-Кечеден ташыла турган болду

Жазылуу
Буга чейин Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары көмүр маселесинен улам, акимчиликтин алдына митингге чыккан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnuk. Кара-Кечедеги мамлекеттик көмүр карьерине бүгүн Ак-Талаадан келген үч автоунаа көмүр жүктөп кайра жөнөп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мырза Жаманбаев билдирди. 

Буга чейин Ак-Талаа районунун тургундары көмүр маселесинен улам, акимчиликтин алдына митингге чыккан. 

"Аба ырайы жакшы болсо, Молдонун бели ашуусу аркылуу ташуу мүмкүн экендигин айтышты. Ак-Талаа районунун акими бүгүн 14 автоунаанын тизмесин берип, нак акчага эртеңден баштап ташый турган болду. Бүгүнкү күндөн тарта Ак-Талаа районундагы көмүрдүн таңкыстыгы автоматтык түрдө төмөндөй баштайт", — деп билдирди Жаманбаев.

Аткаминер ак-талаалыктар "Турук" кенинин көмүрүн быйыл жага алышпастыгын жана Жумгалдан келген көмүргө туруктуу баа коюлганын айтты.

"Кара-Кече көмүр кенинен Ак-Талаага жеткириле турган баа 2500 сом", — деп билдирди жетекчи.

Буга чейинки маалыматтарда ушул эле кенден чыккан кара алтындын Ак-Талаа районундагы баасы 2800 сомго чыкканы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0