ИИМ: "Манас" аэропортундагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековУчактын жүрүшүн көзөмөлдөп жаткан аэропорт кызматкеринин архивдик сүрөтү
Учактын жүрүшүн көзөмөлдөп жаткан аэропорт кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бомба коюлду деген маалыматтан кийин "Манас" аэропортунан жамаат менен жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Бир катар каттамдар токтотулуп, аэропортко ИИМ жана УКМК кызматкерлери тартылган.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Манас" аэропортундагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкканын Ички иштер министрлиги билдирди.

Милицияга бомба тууралуу билдирүү саат 16.10до келип түшкөн. Аэропортко ИИМдин ыкчам-иликтөө тобу, УКМК кызматкерлери жана саперлор тартылган. Иликтөө иш-чаралары улантылып, бомба тууралуу телефондон аркылуу билдирген киши аныкталып жатат. Бомба коюлду деген маалыматтан кийин "Манас" аэропортунан жамаат менен жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

"Иликтөөнүн натыйжасында аэропорттун аймагында жана учактарда бомба жок болуп чыкты. Маалымат тастыкталган жок. Учурда жүргүнчүлөр аба майданга киргизиле баштады. Анын айланасында иликтөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

"Манас" аэропортунун маалымат кызматы жүргүнчүлөрдүн киргизиле баштаганын тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0