Ысык-Көлдө кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран камалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАбактын эшигин жаап жаткан кызматкердин архивдик сүрөтү
Абактын эшигин жаап жаткан кызматкердин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада жаш мугалим 11 жолу бычак жеп каза тапкан. Шектүү ошол эле күнү кармалган.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран тергөө учурунда эки айга камакка алынганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мындай чечим Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылган. 

Каза болгон Майрамбек Нажиновдун туугандагы ош шаарында өткөн маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Оштогу адам өмүрүн алган жол кырсык атайылап уюштурулганбы?
Буга чейин жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген кыз жолугушууга барганда 11 жолу бычак жегенин милициядан кабарлашкан. Ал оор жаракаттан улам көз жумган.

24 жаштагы шектүү жаран ошол эле күнү кармалган. Ал буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болгон. 

Алдын ала маалыматтар боюнча бул киши каза болгон кызга жабышып жүргөн. Бирок кыз аны жактырчу эмес. Кырсык болгон күнү кармалган адам кызды жолугушууга чакырган.

Учурда аталган адамга карата кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (ырайымсыздык менен киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0