Баткендик ишкер сууга аккан тажик кызынын өмүрүн сактап калды

© Фото / Мурза ДобутовАбдисатар Садыков, спасший девушку в канале
Абдисатар Садыков, спасший девушку в канале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн, 31-октябрда саат түшкү 12лер чамасында Көк-Таш айылына жетпей Миң-Өрүк участкасынын ортосунда болгон.
Абдисатар Садыков: кызды куткаргандан кийин 30-40 метрдей агып бардым

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Тажик кызын чоң каналга агып бараткан жеринен сактап калган Абдисатар Садыков окуя кандай болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. 

© Фото / Мурза ДобутовТажик кызын чоң каналга агып бараткан жеринен сактап калган Абдисатар Садыков
Баткенский бизнесмен Абдисатар Садыков и гражданка Таджикистана, которую он спас, когда ее уносило течением канала - Sputnik Кыргызстан
Тажик кызын чоң каналга агып бараткан жеринен сактап калган Абдисатар Садыков

Окуя 31-октябрда саат түшкү 12лер чамасында Көк-Таш айылына жетпей Миң-Өрүк участкасынын ортосунда болгон. Аталган канал Баткендеги Төрткүл суу сактагычына куят. 

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Садыковдун айтымында, окуя алар Баткен районунун Ортобоз айылына салынып жаткан 50 орундук бала бакчанын курулушу менен таанышуу үчүн бара жатканда болгон. Экологиялык техникалык инспекциянын башчысынын орун басары Канат Сейдалиев, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков, "Автоэнпргоснаб" ЖЧКнын башчысы Мамыр Рахимов, жеке ишкер Абдисатар Садыков жана экологиялык техникалык энспекциянын инспекторлору Эржан Токтобаев машинада бара жатышкан

"Жолдо баратканда бир бала кол булгалап калды. Эмне болду десек, каналдан бирөө агып баратканын айтты. Чуркап барсак, каналдан бир карасаң, жаш бала, бир карасаң кыздай көрүнүп, киши агып келе жатыптыр. Аны куткарып алгандан кийин 15-16 жаштагы кыз экенин билдик. Мен өзүм дагы каналдан кайта чыга албай 30-40 метрдей агып бардым. Каналдан мени кайра шериктерим чыгарды", — деди Садыков.

Ал ошондой эле жанындагы кишилер андан улуу болгондуктан эч ойлонбостон эле кийимин чечип сууга киргенин кошумчалады. 

"Суунун муздак экенин суудан чыккандан кийин гана сездим. Ошол жерден эле чек ара тозотунун кызматкерлерин чакырып, кызды өткөрүп бердик. Ал кыргызча, орусча же өзбекче билбегендиктен каналга кантип түшүп кеткенин сурап, жооп ала албай койдук", — деди Садыков. 

Кыздын өмүрүн сактап калган ишкер 39 жашта, Баткен шаарынын тургуну бир кыз, эки уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0