"Мутанттар". Сөөгү жок жигиттер кезектеги бийин тартуулады

Жазылуу
Борбор калаадагы жер алдындагы унаа токтотуучу жайлардын биринде "Тумар КР" жана "Адем" топторунун өнөрпоздору "мутанттардын" бийин тартуулашты.

Ролик "Тумар КР" тобунун мурунку мүчөсү Солто Эсенгулов тарабынан жарыяланган. Учурда бийчи Лос-Анжелесте жашап, америкалык "La Breakers" брейдансерлердин тобунда иштейт.

Эсенгуловадун айтымында, ал бийдин жаңы ыкмалары менен бөлүшкүсү келген. Роликтеги үч бийчи денесинин ийилчээктиги менен таң калтырат.

"Бул ыкмаларды бийден мурун цирктин трюктары деп атоого болот. Дененин трюктары", — деди ал.

Эсенгулов грин-карта утуп алгандан кийин АКШда жашаганына төрт жылдын жүзү болду. "Тумар КР" тобунан да ушул себептен улам чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0