ИИМ ШКУ жыйынынын маалында кайсы көчөлөр жабыла турганын айтып берди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДорожный знак
Дорожный знак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Кэцян келсе, эртеси ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Бишкекте 2-3-ноябрь күндөрү жол кыймылына чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмесин жарыялады. 

Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: ШКУ саммитине карата жарандардын тапанчалары алынат
Эскерте кетсек, 2-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Кэцян келсе, эртеси, 3-ноябрь күнү ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт.

31-октябрдан баштап 3-ноябрга чейин ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды эске алуу менен тартипти көзөмөлдөөгө милициянын 3 миң кызматкери тартылууда.

Иш-чаралардан улам төмөнкү көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет:

  • "Манас" аэропорту — Бишкек трассасы;
  • Фучик көчөсү — шаардын чегинен баштап Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Жибек Жолу проспектиси — Фучикетен Манас проспектисине чейин;
  • Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Чүй проспектиси — Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү — Чүй проспектисинен Абдымомуновго чейин;
  • Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) — Айтматов проспектисинен Сухэ-Батор көчөсүнө чейин.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0