БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргыз улуттук агрардык университети музей жабдууларын жасатуу жана монтаждоо үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда университет бул үчүн 1 милион 700 миң 064 сом сарптоого даяр.
Даярдалган жабдыктар Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин имаратында жайгашкан Көчмөн маданиятына арналган музейге коюлат.
Тендер эки күн мурун жарыяланды, мөөнөтү 21-ноябрда аяктайт.