Окумуштуулар адам баласы канткенде спорт менен көбүрөөк машыгарын аныкташты

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүМолодежный форум "Селигер 2014 "
Молодежный форум Селигер 2014  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар тобу 800гө чукул студентке 11 аптага созулган эксперимент жасашкан. Эреже боюнча студенттерге акысыз спорт залда машыгуу укугу берилген.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Спорт менен шугулданган адам жанында аттандашы турганда тер төгүп, көбүрөөк машыгат. Бул тууралуу РИА Новости Preventive Medicine Reports журналына таянуу менен жазып чыкты. 

АКШнын Пенсильвания штатындагы университеттин окумуштуусу Даман Сентоланын айтымында, спортзалдагы активдүү машыккан адамдар жанындагыларга чоң түрткү болот.

"Сентола баштаган бир топ окумуштуулар 800гө чукул студентке 11 аптага созулган эксперимент жасашкан. Эреже боюнча студенттерге спорт залда акысыз машыгуу укугу берилген. А жаштар эксперименттен өтүп жатканын билишкен эмес", — деп жазылат маалыматта. 

Окумуштуулар студенттерди бир нече топторго бөлүп, ар кыл рейтингдерди чыгара баштаган. Жыйынтыгында спорт менен машыккан адам жанында атаандашы турганда көбүрөөк күч жумшап, жан үрөй тургандыгы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0