Жигит талаш: окуучу кызды сабады делген студент селкилерге кылмыш иши козголду

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда окуучу кыз төрт студент тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга кызганыч себеп болгону айтылган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы Facebook тармагына борбор калаада мектеп окуучусун төрт студент кыз сабады делген маалымат боюнча билдирүү таратты.

Буга чейин социалдык тармактарда мектеп окуучусу жигит менен мамиле кургандыгы үчүн төрт студент кыз тарабынан сабалды делген маалымат тараган. Кыздар Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаага окуучу кызды салып кетип Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде сабашкандыгы белгиленген. Жабырлануучунун арызы Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүндө катталган.

"Суракка алынган студент кыздар мектеп окуучусуна карата зомбулук аракеттери болбогонун билдиришти. Унаа ичиндеги кыздардын бири капысынан бир эле жолу бетке уруп алганын айтты",— деп кабарланган маалыматта. 

Аталган фактынын негизинде, Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда окуянын чоо-жайын толук аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0