БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Поезддин алдында калып, колу-буту жулунуп кеткен жигит Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-борборунун кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу аталган борбордон Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эскертсек, 25-октябрда түндө студент бала поезддин алдында калып, колу-буту жулунуп кеткен. Окуя Ленин заводу жактагы Лев Толстой көчөсүндө болгон.
"Ал кайра жандандыруу бөлүмүндө. Абалы турукташып, жакшы болуп баратат", — деди травматология жана ортопедия илимий-борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.
Ал бейтап эртең палатага которулушу мүмкүн экенин кошумчалады.