Бишкектин батыш тарабындагы ири автотыгын суюлуп, жол кыймылы калыбына келди

© Sputnik / Макс Ветров / Медиабанкка өтүүСитуация с энергоснабжением Крыма
Ситуация с энергоснабжением Крыма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда автоунаалар эч тоскоолдуксуз өтүп жатканын Кайгуул милициясы белгиледи.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын батыш тарабында кечке жуук пайда болгон автотыгын cсуюулуп, азыр машиналар эч тоскоолдуксуз өтүп жатканын Кайгуул милициясы маалымдады.

Эскерте кетсек, бүгүн кечке жуук Дэн Сяопин жолунун батышты карай кеткен тарабында автотыгын пайда болуп, машиналар жыла албай турганын окурман билдирген. Бул маалыматты Кайгуул милициясы тастыктап, жол кыймылын жөнгө салуу үчүн кошумча кызматкерлер жиберилгенин билдирген.

"Аталган аймакта болгон жол кырсыгы автоунаалар жолго эң көп чыккан учурга туш келди. Негизинен кечки саат алтыдан сегизге чейин кыймыл көп болот. Азыр эч кандай автотыгын жок. Машиналар эч тоскоолдуксуз өтүп жатат", — деп Кайгуул милициясы маалымдады.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0