Абдыганы Эркебаев казак илимдер академиясынын мүчөсү болуп шайланды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин архивдик сүрөтү
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Казакстандын илимдер академиясынын 13 чет өлкөлүк мүчөсү бар.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев казак илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу кыргыз улуттук илимдер академиясынан билдирди.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Элвира Сариеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сариева кызматтан кетти
Маалыматка ылайык, тастыктаган күбөлүктү Казакстан республикасынын улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Журинов Минск шаарында өткөн "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 25 жыл: жыйынтыктар, перспективалар" аттуу илимий-практикалык конференцияда тапшырды. 

Учурда Казакстандын илимдер академиясынын 13 чет өлкөлүк мүчөсү бар. Алардын арасында Россиянын илимдер академиясынын президенти Владимир Фортов, вице-президенти, Нобель сыйлыгынын ээси Жорес Алферов, дагы бир вице-президенти Николай Лавёров, РИАнын окумуштуу катчы-академиги Евгений Велихов, Украинанын УИАсынын президенти Борис Патон жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0