Ноябрдын башында кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековСнежная битва в парке имени Даира Асанова
Снежная битва в парке имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-6-ноябрь күндөрү ишемби жана жекшембиге туура келет. Календардагы кызыл күндү кошсок, ошондо кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү (7-ноябрь) аптанын дүйшөмбү күнүнө туш келип, бирок, майрам болгондуктан, эс алуу күн деп эсептелет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров, Жанар Акаев, Жийдеш, Мирбек… Белгилүүлөр кантип эс алат?
Мындай чечим Эмгек кодексине ылайык кабыл алынды. 

Ошентип, беш күндүк кызматта иштегендер үч күн катары менен, тагыраагы — 5-6-7-ноябрда эс алат.

Кыргызстан — мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан гана бул майрамды белгилеп келет. Андан сырткары 7-ноябрь – Басма сөз жана маалымат күнү. 1924-жылы туңгуч кыргыз тилдүү "Эркин-Тоо" гезити (азыркы "Кыргыз туусу") чыга баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0