Депутат: ашуулардагы карлар тазаланбай 200дөн ашуун унаа тыгынга кабылууда

© Фото / Эльмира ШериповаГрузовики недалеко от тоннеля имени Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу
Грузовики недалеко от тоннеля имени Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты ашуулардагы жолго жааган карлар мурункудай тазаланбай калганын айтты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ашуулардагы карлар убагында тазаланбай, унаа тыгындары жаралууда. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич
Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич

Анын айтымында, ашууларда 200дөн ашуун унаа тыгылып, кыйынчылык жаралууда.

"Кыш келип кыйынчылык жаралууда. Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Долон сыяктуу ашууларда 200гө чукул унаалар туруп калып жатат. Илгери жолдогу карды туз сээп тазалап койчу. Жол маселеси көйгөй жаратууда", — деди Жолдошбаев.

Эл өкүлү мындан сырткары көмүрдүн баасы кымбат болуп жатканын айтып, маселени жөнгө салууну өтүндү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0