Бакыт Төрөбаев ЖКда Сузактагы муунуп өлгөн баланын маселесин көтөрүп чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү маселени чечүү үчүн ИИМде реформа жасалып, милиция элдин ишенимин кайтарышы керек деген пикирде.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Сузактагы өспүрүм баланын сиуцидге барганы — трагедия. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жаткан да билдирди. 

Баланы өлүмгө түрткөн 10 миң сом чыры. Шерзаттын кейиштүү өлүмү. Шектенген тараптар - Sputnik Кыргызстан
Баланы өлүмгө түрткөн 10 миң сом чыры. Шерзаттын кейиштүү өлүмү. Шектенген тараптар
Эскерте кетсек, 23-октябрь күнү Сымкат айылында уурулукка шектелген өспүрүм үйдүн короосунда муунуп калган. Атасы аны көзүнүн тирүүсүндө табууга жетишкен, бирок бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Маркумдун апасы Москвада эмгектенип келет.

"Саясий окуялар менен алек болуп, элди унутпашыбыз керек. Мен Сузак районунда болгон окуяга көңүлүңүздөрдү бөлгүм келет. Ал жакта 2002-жылкы бала өзүнө кол салып, суицидге барды. Тергөө кандай болгонун билбейм, бирок 10 000 сом үчүн деп айтышууда. Бул окуя биз үчүн трагедия", — деди Төрөбаев. 

Эл өкүлү маселени чечүү үчүн ИИМде реформа жасалып, милиция элдин ишеничине ээ болушу керек деген пикирде. 

Сузактагы окуучу баланын асынып өлгөн окуясынын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0