Онкология борборуна КР өкмөтү жарым миллион сом бөлдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнгөн каражат "Терабалт" гамма-терапевтик аппаратты оңдоого жумшалат. Ал 2008-жылы орнотулган. Бир суткада бул аппараттан 180дей бейтап нур менен дарыланат. 2016-жылы октябрда ал иштен чыгып, оңдоо үчүн Чехиядан адистер чакырылган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. КР өкмөтү "Терабалт" гамма-терапевдик аппаратын оңдоого Улуттук онкология борборуна 500 миң сом бөлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Гүлмира Кудайбердиева жана КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык гуманитардык кызматташуу фондунун башкармалыгын башчысы Михаил Швыдкой Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмү менен 26-октябрда таанышкан.

Медицина символу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
КРдеги онкология менен гематология борборлору биригет
КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын Бишкекте өтүп жаткан XI форумунун алкагында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө кайрымдуулук кылуу демилгеси көтөрүлдү. Швыдкой балдар бөлүмүнө дары-дармек берди. Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин жаш сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү да тапшырылды.

Кудайбердиева өкмөттүн атынан Улуттук онкология борборуна 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Бөлүнгөн каражат "Терабалт" гамма-терапевтик аппаратты оңдоого жумшалат. Ал 2008-жылы орнотулган. Бир суткада бул аппараттан 180дей бейтап нур менен дарыланат. 2016-жылы октябрда ал иштен чыгып, оңдоо үчүн Чехиядан адистер чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0