Кыргызстандагы кумсаларды колдоого АКШнын укук коргоо уюму чакырды

© REUTERS / Danish SiddiquiАкция памяти жертв стрельбы в ночном клубе Pulse в Орландо. Мумбаи, Индия.
Акция памяти жертв стрельбы в ночном клубе Pulse в Орландо. Мумбаи, Индия. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарына АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннон келет. Ага Human Rights First укук коргоо уюмунун өкүлдөрү Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугу басмырлоого дуушар болууда деп кат жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Human Rights First эл аралык укук коргоо уюму АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннонго Кыргызстанга болгон сапарында гомосексуализмди жайылтууга тыюу салынган мыйзам долбоорго каршы турушун өтүнгөн. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун өздүк сайтына жарыяланды.

Human Rights First уюмунун өкүлү Шон Гейлорд катка көпчүлүк аймактарда ЛГБТ-коомчулугу басмырлоого дуушар болууда деп жазган.

"Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүңүздө ЛГБТ маселеси тууралуу кеп кыласыз деген терең ишеничтебиз", — деп жазылат Human Rights First уюмунун катында.

Аталган уюм "Гейлерге каршы" мыйзам Кыргызстандагы аталган коомдун ишмердигине коркунуч алып келет деп кооптонуп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннон Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттерине иш сапары менен келет.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салам, Кыргызстан! Өлкөгө келип кеткен АКШнын атка минерлери
Белгилей кетсек, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын тынчын алган салттуу эмес жыныстык мамилелерди пропагандалоого тыюу салынган мыйзам долбоорун кошумча талкуулоо жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин эки окуусунан өткөн мыйзам долбоордо массалык маалымат каражаттарына салттуу эмес жыныстык мамилеге чакырган фото, видео жана текст түрүндө жарыяланган материалдарды жайылтууга чектөө киргизүү каралган.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Жаза кодексине оңдоолор киргизилип, "ММКнын жардамы менен салттуу эмес жыныстык мамилеге оң мамиле жасагандар" бир айдан алты айга чейин эркинен ажыратылат же атайын 20-50 эсептөө көрсөткүчтөрү түрүндө айыпка жыгылат.

Human Rights First (буга чейин Lawyers Committee for Human Rights) — эл аралык укук коргоо уюму 1978-жылы дүйнө жүзүндөгү укук коргоочуларды колдоо жана качкындардын укугун коргоо максатында түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0