Бишкекте айлана-чөйрөнү коргоо маселеси эл аралык деңгээлде талкууланат

© Фото / Влад УшаковТоп-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш – чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Россия өлкөлөрүнүн окумуштуулары катышып, өлкөдөгү ак илбирстин абалы тууралуу да сөз болмокчу.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Кыргыз улуттук илимдер академиясында "Био ар түрдүүлүктү сактоо жана музей ишинин актуалдуу маселелери" аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу КР УИАнын маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарада био ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш жана айлана-чөйрөнү коргоо, табигый илимдерди үйрөнүү өңдүү бир катар маселелер каралмакчы. Ошондой эле учурдагы Кыргызстандагы ак илбирстин абалы тууралуу да сөз болот.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Россия өлкөлөрүнүн окумуштуулары, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын жана токой чарбачылыгынын мүчөлөрү катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0