"Себаттын" башкы директору: мекеменин атын өзгөртүү муктаждыгы жаралса, карап көрөбүз

© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Себат""Себат" билим-берүү мекемесинин имараты. Архив
Себат билим-берүү мекемесинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айынын ортосунда Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш жасап басып алууга болгон аракеттерден кийин айтылган айыптоолор Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Түркияда жай айында мамлекетти басып алууга болгон аскердик төңкөрүштөн кийин расмий Анкара бул иштин артында дин аалымы Фетхуллах Гүлендин турганын айтып чыкты. Өз кезегинде дин аалымы мындай айыптоолор негизсиз экенин айтып, анын чындыкка коошпой турганын билдирди.

Бирок айыптоолор азыркыга чейин уланып келет. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандагы "Гүлендин" мектептерин жабуу боюнча КР тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнүн жар салган. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мевлүт Чавушоглунун мындай билдирүүсү осол кадам экенин белгилеп, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондуктан эмненин жаман, эмненин жакшы экенин өзү чече турганын айткан болчу

Түрк бийлиги башка мамлекеттердеги "гүленчи" делген мектептерди жабууга үндөгөн. 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркиянын президенти менен жолукканда өлкө аймагындагы мектептер тууралуу сөз болгон. Анда президент "гүленчи" делген мектептер текшериле турганын айтып, алардын бардыгы мамлекеттин көзөмөлүндө экенин баса белгилеген. Кийин Казакстандагы казак-түрк мектептеринин аталышы "Билим-инновация лицейи" өзгөртүлүп жатканы маалымдалган.

Ал ортодо АКШда жарык көргөн New Yorker басылмасы Кыргызстан менен Өзбекстандагы "гүленчи" делген мектептерде ЦРУнун 130 агенти мугалим катары иштегенин жазып чыкты.

Июль айынын ортосунда Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш жасап басып алууга болгон аракеттерден кийин айтылган айыптоолор Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Кыргызстандагы эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев аталган окуу жайдын айланасында болуп жаткан сөздөр жана Түркиянын бийлиги айтып жаткан айыптоолорго токтолду.

Анын айтымында, "Себат" билим берүү мекемесинин Түркия менен түз байланышы болбогондуктан, кандайдыр бир кысымга негиз жок. Кудайбердиев мекеме КР мыйзамдарынын негизинде иш алып барарын белгиледи.

"Иштеген мугалимдердин, тарбиячылардын, техникалык кызматкерлердин 90 пайызы Кыргызстандын жарандары. Мекемелерибиз мыйзамдуу түрдө аттестациядан өтүп, лицензия алат. Окуу программалары КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Министрлик усулдук колдонмолорун бекитип, окуу китептерин жана окуу-тарбия процесстерин толук көзөмөлдөп турат", — деди ал.

Кудайбердиев "Себатта" окутуу КР Билим берүү министрлиги бекиткен программа менен гана ишке ашарын айтат. Ошондой эле мектептерде Фетхуллах Гүлен жөнүндө окутуулар жүргүзүлбөй турганын, тарбиялык сабактарында динге же диний аалымдарга басым жасалбай турганын кошумчалады.

Ал эми Казакстандагы казак-түрк мектептери сыяктуу мекеменин атын өзгөртүү муктаждыгы болсо жетекчилик талкууга алып, изилдөө аркылуу чечим кабыл алынарын белгиледи.

"Себат" билим берүү мекемелери Кыргызстанда катталган жана Кыргызстандын жарандары тарабынан жетектелет. Мекеме Кыргызстанга таандык, учурда өкмөт тарабынан "Себаттын" ишмердүүлүгү боюнча анализ жүргүзүлүп жатат. Эгер өзгөрүүлөргө же кандайдыр ребрендинг кылууга муктаждык айкындалса, жетекчилик талкууга алып, изилдөө аркылуу чечим кабыл алат", — деди Кудайбердиев.

"Себат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1993-жылы өз ишин баштаган. Анын карамагында учурда 16 лицей, үч башталгыч мектеп жана бир университет бар. Аталган окуу мекемеси ачылгандан бери аны 13 миңден ашык окуучу аяктаган.

Белгилей кетсек, аталган окуу жайдын окуучулары республикалык жана дүйнөлүк олимпидаларда алдыңкы орундарды алып келет. 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгы менен республикалык предметтик олимпиадада "Себаттын" окуучулары 13 биринчи, 14 экинчи, 17 үчүнчү орунду камсыз кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0