19:19 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3670131

"Бактылуу эне, бактылуу ата болгум келет", "Үй-бүлө бул — ар бир кишиге маанилүү", "Үй-бүлө кокустук эмес, ал даярдануу". Жогорку даражадагы акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимованын кабинетинен ушундай сөздөрдү кезиктирүүгө болот. Эл мендей болуп интервьюга эмес, байма-бай үй-бүлө маселесин жөнгө салуу үчүн барат экен.

Бүгүнкү күндө үй-бүлөнү пландаштыруу актуалдуу маселелердин бири. Журналист Гүлдана Талантбекова эки жаш баш кошууда психологиялык жана медициналык жактан эмнелерге көңүл бурушу керек экендиги туурасында бир катар кеңештерди билип келди.

— Деги эле үй-бүлөнү пландаштыруу деген эмне? Буга чейин минтпей эле жүрбөдүк беле?

— Мындан 10-15 жыл мурун үй-бүлөнү пландаштыруу керек десек, биздин жыйырманчы кылымдын мууну "100 койдон 150 козу алат деп пландаштыргандайбы, ал эмне дегениң" деп айткан. Ал кезде түшүнүк ошондой болчу да. Азыр бул ойду биздин жаштар абдан туура түшүнүшөт. Бул биринчиден — ден соолук, экинчиден — психологиялык жактан даярдануу. 

— Кыргыздар бала-чакасын жазылбаган мыйзамдар менен эле тарбиялап келбеди беле?

— Туура. Үй-бүлө кураарда "энесин көрүп кызын ал" дейт. Анткени энеси тарбиялуу болсо, кызы ошону тартат. Кыздардын илим-билимдүү болгону да дурус. Кыргызда "эр тайын тартат" дейт. Себеби тарбияны эшикте тамак таап жүргөн ата эмес, эне берет. Маселен айрым энелер кечке телевизор көрүп отура берип баласынын тили чыкпай калган учурлар кездешет. "Анын ата-энеси бар бекен" деген сөздү угуп жүрсөңүз керек? Кыздын эки канаты тең бүтүн болуп, психологиялык жактан жамандык көрбөгөн болот. Эгер атасы жок же таштап кеткен кыз болсо, кийин эркектерге карата жек көрүүчүлүк сезими пайда болушу мүмкүн. Кыздардын көбү атасына окшош балдарга турмушка чыккысы келип, издей берет. Эгерде атанын мээримине тойбой калган кыз болсо, күйөөсүнөн ошондой мээримди күтөт. Эгерде жолдошу ошол мээримди тартуулай албаса, түшүнбөстүктөр келип чыгат. Ошондуктан психологиялык жактан кызды "ал сенин атаң эмес, күйөөң" деп көндүрүш керек. Эгерде ата-энеси бүтүн туруп, кыз үйдүн улуусу болсо, ал кызда командирдик сапат болот. Анткени өзүнөн кийинкилерди "отур, тур, бас" деп башкарып көнүп калган да. Эркекке болсо мындай нерсе жага бербейт.

Кыз кайын-журтуна баргандан кийин келиндик статусун сезиши керек. Келин деген кыргызда "келип, башыңды ий" деген сөз. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деп коюшат. Себеби келин жаш кыз, аны улуулар насаатын айтып, тарбиялап алса болот.

Акушер-гинеколог Гулзина Мадраимова в своем кабинете
© Фото / Гулдана Талантбекова
Гүлзина Мадраимова: биздин заманда үй-бүлө курам деген кишинин медициналык справкаларын сурачу. Азыр биринчи эле мечитке барып нике кыйдырып, анан расмий нике күбөлүгүн алышы керек. Сүйүү деп эле үйлөнүп алышкандар да арбын

— Медициналык жагына токтоло кетсеңиз?

— Мисалы биздин заманда үй-бүлө курам деген кишинин медициналык справкаларын сурачу. Азыр биринчи эле мечитке барып нике кыйдырып, анан расмий нике күбөлүгүн алышы керек. Сүйүү деп эле үйлөнүп алышкандар да арбын. Өткөндө каттоого турат элем деп бир кыз келди. Ата-энесин дароо чакырттым, кыздын гемоглабини элүү эки пайыз экен. Норма боюнча 120-140 болушу керек. Бала болсо аппак сулуу, ак куудай кыз экен деп үйлөнүп алыптыр… Ошону билип туруп ата-эне күйөөгө берип жатат. Каны аз болуп жатса ал кайсы баланы төрөйт. Төрөт учурунда кыйналат же баласы оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн. Албетте убагында кайрылышса жардам беребиз.

— Коомчулукта кыздардын турмушка эрте чыгуусу талаш пикирлерди жаратып келет. Сиздин оюуңуз кандай?

— Мен зыян жактары көбүрөөк деп айтаар элем. Эрте турмушка чыкса, биринчиден, билим албай калат. Экинчиден, өзү бала бойдон болсо төрөгөн баласына кайсы тарбияны берет? Экономикалык жактан да көз каранды болот. Медициналык жактан денеси өрчүп жетиле элек болгондуктан кош бойлуу кезинде, төрөт маалында кыйналат. Азыр окуудан же иштен жок, баланы да бага албай кыйналып жүргөн жаштар көп. Анализдеп көрсөк жаштар сөзсүз эле сүйүп-күйгөндөн эмес, ата-энелеринин макулдугу менен турмушка чыгып жатышат. Айрымдар колунда бар кишиге берип койсок кыйналбай жашайт деп ойлошот. Ошонун кепилдиги барбы деген суроо туулат. Жаштыгы менен турмушун бузуп алса эртеңки күнү үчүн ким жооп берет?

— Сиздерге турмушка чыккандан кийин деле кайрылышса керек?

— Келиндер "турмушка чыкканыма эки эле ай болду, кайын энем күн көрсөтпөй жатат, ал желмогуз" деп келет. Анан күйөөң кандай бала десем "алтын, укмуш" десе, "анда алтын баланы желмогуз аял тарбиялабайт, күнөө сенде болуп жүрбөсүн, эрке окшойсуң, бекеринен жалгыз кыз жалама туз деп айтылбайт, кызым, өзүң өзгөр" дейм. 

Ар бир кайнененин жаш курагын сыйлаш керек. Элүүдөн ашканда климакс башталат. Ал нерв системаларына таасир берип, анча-мынча сөздү көтөрө албай адам жеңил болуп калат. Ошону акыл-эстүү келини менен баласы байкап унчукпай калышы керек. 

— Кыз менен бала үй-бүлө кураарда текшерүүгө келип жыйынтыктарын укканда кандай реакцияны байкап жүрөсүз?

— Мен бири-биринин кемчиликтерин көздөрүнчө айтпайм. Керек болсо кыздын көйгөйүн энесине айтканга акыбыз жок. Мен жалпы жонунан түшүнүк берем. Мисалы мен сизге каныңыздын аздыгын айтсам, сиз жигитиңизге айтпай ооруңузду дарылоого өтүшүңүз керек. Тиги жигит анан сизге унчукпай урологго жөнөйт.

Акушер-гинеколог Гулзина Мадраимова в своем кабинете
© Фото / Гулдана Талантбекова
Гүлзина Мадраимова: бактылуу болуу ар бир аялзатынын өзүнүн колунда. Эрте шашпагыла, кеч калбагыла, ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы

— Балдар кыздарын текшерүүгө алып келгенин угуп жүрөм. Жыйынтыгын өздөрү кошо угууну каалашат экен?

— Бул жагынан бизге болочоктогу келинчегим тазабы же таза эмеспи, нике түндө уят болуп калбаймынбы деп эле келишет. Ден соолугуна көп учурда маани беришпейт. Ошондой учурда дагы кыздын кемчилиги болсо жигитине айта бербейбиз. Анткени жеке менин көзөмөлүмдө отуз пайыз же ар бир үчүнчү кыздан кан чыкпайт. Бул көп себептер менен түшүндүрүлөт. Маселен катуу нерсеге урунуп алуу, молочница, кичинекей кезиндеги кокустуктар ж.б. Ошон үчүн боюнда бар кезинде каттоодо тургандарга баланы кантип туура жуунтуш керек, кантип ден соолугуна кам көрүшү керек экендиги туурасында үйрөтөм.

Кыздар өздөрү деле текшерилгени келет. Жыйынтыгына жараша психологиялык жардам көрсөтөбүз. Кыз деген кыргыздын "кыс" деген сөзүнөн алынган. Ошон үчүн турмушка чыга элек кыздар кысынып жүргөнү туура.

— Никеге даярдык тууралуу да азын-оолак кеп сала кетсеңиз?

— Нике түн тууралуу сүйлөшкөндө апаңыздын сизге тиккен төшөгүнөн, ак шейшебинен башташ керек. Сенин жашооң ак барактан башталсын деп атайын ак шейшеп салып берет. Ата-эне ошон үчүн сени ала качып кетсе дагы артыңан лакылдап жеңил төшөгүн алып жөнөйт. Нике түнгө бизде көбүнчө жеңелер даярдап жүрүшөт. Жеңе кызды ар кандай сөздөр менен коркутуп, чочутуп даярдабашы керек. Кыз психологиялык жактан коркуп калса төрөбөй да калышы ыктымал.

— Бойдон алдырууга келгендер да көп болсо керек. Айрым учурда гинекологдордун психологиялык жардамы менен аборттон баш тарткандар болот экен?

— Бир жолу студент кыздын боюнда болуп калып, сүйлөшкөн баласы ала албайм деп баш тартыптыр. Кыздын апасы болсо чоң мөөнөтүнө карабай боюнан алдырабыз деп врач издей баштаптыр. Анан кыздын курбулары кеңеш алалы деп мага ээрчитип келишиптир. Баланы ата-энеси менен кошо чакыртып жалпы чечим чыгардык. Кыз дагы ошол маалда бейтапканага жатып калган. Ошондон ары кайындары алып кетти. Кыз төрөптүр. Жакында тою болот деп атышкан. Мындай учурлар толтура. 

Бойдон алдырам деп келгендерди дароо эле алып салбайбыз. Биринчиден ал-жайын сурап, түшүндүрүп, анан баланы таап, күйөөсү же жигити менен жараштырып койгон учурларыбыз көп. Кээде бала менен кыздын ата-энесин чакыртып куда түшүп, үйлөп, той жеп отуруп калабыз. Сөзүмдү укпай, алым кетпеген кежирлер болсо башка кесиптештеримди дагы жардамга чакырам. Ушинтип анан абортко барбай калышат. Бул деле жакшы, биринчиден кыздарга зыян эмес, экинчиден үй-бүлө сакталды, үчүнчүдөн бала аман калды. Кийин анан ошол алдырам дегендер "эже, сиздин балаңыз" деп көтөрүп келишет (күлүп). 

— Сөз соңунда кыздарга кандай кеңешиңиз бар?

— Бактылуу болуу ар бир аялзатынын өзүнүн колунда. Эрте шашпагыла, кеч калбагыла, ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы.

Тема боюнча

Ош облусунда 4 жылдан бери эне өлүмү эки эсе азайды
Белгилер:
үй-бүлө, аял, гинеколог, ден соолук

ЭҢ МААНИЛҮҮ