Бегим Алмасбекова Филиппинде улуттук кийим боюнча сынакта коло медалга ээ болду

© Фото / CS Photography studioУчастница одного из самых популярных конкурсов красоты "Мисс Земля" 19-летняя кыргызстанка Бегим Алмасбекова в столице Филиппин, Маниле.
Участница одного из самых популярных конкурсов красоты Мисс Земля 19-летняя кыргызстанка Бегим Алмасбекова в столице Филиппин, Маниле. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жер сулуусу" сынагы дүйнөдөгү эң беделдүү сынактардын бири болуп эсептелет. Анын популярдуулугу "Дүйнө сулуусу" менен "Аалам сулуусу" сынактарына барабар.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Эл аралык "Жер сулуусу — 2016" сынагына катышкан кыргызстандык Бегим Алмасбекова улуттук кийимдер боюнча кароодо коло медалга татыктуу болду. Бул тууралуу сынактын катышуучусу Instagram баракчасына жазып чыкты. 

Филиппиндин борбору Манилада эң популярдуу "Жер сулуусу" аттуу сынак БУУнун колдоосу менен өтүп жатат. Бул жылы башкы титул үчүн 94 мамлекеттен келген бийкечтер ат салышууда. 

😊😆

Видео опубликовано @begima_ Окт 24 2016 в 10:12 PDT

Улуттук кийимдер көрсөтмөсүндө алтын медалды англиялык бийкеч илип кетсе, күмүшкө Швециядан келген сулуу татыктуу болгон. Ал эми күмүш медалды 19 жаштагы кыргызстандык Бегим Алмасбекова алды. 

Кыргызстандагы сулуулар сынагынын катышуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бириң — кайың, бириң — тал… Кайсынысын "сулуусу" деп атайын?
"Жер сулуусу" сынагынын популярдуулугу "Дүйнө сулуусу" менен "Аалам сулуусу" сынактарына барабар. Аталган сынак биринчи жолу 2011-жылы өткөн. Сынактын эң негизги өзгөчөлүгү коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрө менен жан-жаныбарларды коргоого багытталган. 

Конкурстун финалдык бөлүгү ишемби күнү өткөрүлөт. Жеңүүчү "Жер сулуусу" наамына ээ болуу менен БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасын өнүктүрүү боюнча элчиси катары таанылат. 

Эске сала кетсек, Алмасбекова "Кыргыстан сулуусу — 2016" сынагында экинчи вице-мисс атыгып аталган сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0